Бээжинде суу ташкындан каза тапкандар 33кө жетти

Бээжиндеги Мяофэншань районун каптаган суу ташкын. 1-август, 2023-жыл.

Бээжинде жакында эле болгон суу ташкындан өмүрү кыйылгандардын саны 33кө жети. Алардын бешөө куткаруучулар. 18 адам дайынсыз.

Бул тууралуу Кытайдын баш калаасынын вице-мэри Ся Линьмао 9-августтагы маалымат жыйында билдирди.

Июль айынын соңунда жамгырдан улам 59 миң турак жай урап, 150 миңдей там кыйраган, 15 миң гектар айдоо аянты суу алдында калган.

Ондогон жолдор, жүздөгөн көпүрөлөр бузулган. Сянын айтымында, куткаруу, оңдоп-түзөө иштери уланууда. Ал баарын толук калыбына келтирүү үчүн үч жылдык убакыт керек экенин кошумчалады.

Кытайдын башка аймактарында өткөн дем алыш күндөрү Доскури катуу шамалынан улам ондогон киши набыт болду. Дайынсыз жоголгондор бар.

Ал арада Кытайдын түндүгүндөгү Орусия жана Монголия менен чек арага жакын Ички Монголия аймагында токойлорду өрт каптоодо. Тилсиз жоо менен күрөшкө беш миңдей өрт өчүрүүчү тартылды.

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров иши токтоп турган “Жунданын” башчыларынын жүйөсүн уктуКыргызстандагы "Яндекс" кызматы Орусияга маалымат берилбесин айтты Латвия Беларус менен чек арасын катуу тартипте кайтарууга өтөт