"Жунда" заводун жаңылоо үчүн Кытайдан жумушчу топ келди

Кыргыз өкмөтү тараткан сүрөт.

Кара-Балтадагы мунай иштеткен "Жунда" заводун калыбына келтирүү, модернизациялоо маселелерине байланыштуу Кытайдан жумушчу топ келди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кытайлык эксперттер менен 5-октябрда жолуккан. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мунун алдында, 4-октябрда өкмөт башчы Акылбек Жапаров "Жунда" эки жылдын ичинде ишин кайра жандантарын билдирген. Ал Бакыт Төрөбаев жакында эле Кытайга барып, бул маселени чечип келгенин маалымдаган.

"Биз "Жунда" маселесине толугу менен чекит койдук. Аны эки жылдын ичинде ишке киргизебиз. Азыр 550 миллион долларлык инвестиция салынмай болду. Ал жерде жеке адам бар экен. Кытай өкмөтү анын үлүшүн дагы сатып алды. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуулар түзүлдү. Заводду жаңылоону аягына чыгарсак өзүбүзгө жетиштүү күйүүчү майды кайра иштетип, чыгара алабыз",- деди Жапаров.

Өкмөт өткөн аптада Төрөбаев Кытайдагы иш сапарында Шэньси көмүр-химиялык мамлекеттик корпорациясынын "Жунда" ишканасынын жетекчиси Чжан Вэньци менен сүйлөшүп келгенин кабарлаган.

Жолугушууда Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү “Чайна Петроль Компани” ишканасын модернизациялоонун экинчи этабын баштоо маселеси талкууланганын, Шэньси провинциясынын жетекчилиги “Жунда” долбоорун улантууга көңүл буруларын айтып, атайын жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген.

Август айында Акылбек Жапаров “Жундага” барып, өндүрүш аймактары менен таанышып, төрт жылдан бери токтоп турган заводду ишке киргизүү жана жаңылоо маселеси каралган.

“Жунданын” иши 2019-жылы токтоп калган. Алгач анын себеби айтылбай, 2020-жылы пандемияга байланыштуу экени кабарланган. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары завод коррупциянын айынан иштебей турганын, текшерүүлөрдөн тажап, ишин токтотуп койгонун айтып чыккан.

"Жунда" жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Кытайлык инвестор аны курууга 300 миллион доллар жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип, бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтоп, кайра уланган.

2015-жылы ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызматы (Финансы полициясы) заводдун айрым кызматкерлерине "салыкты жашырды" деген айып менен кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын аягында Жайыл райондук соту бул ишти карап, "кылмыштын курамы жоктугуна" байланыштуу аларды актаган.

Дагы караңыз

Кыргызстанда нандын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл кирди"Кыргыз геология" ишканасына 2024-жылы бир миллиард сом бөлүнөт Ташиев Кыргызстанда мындан ары "мыйзамдагы уурулар" болбосун айтты "Алтуха" аттуу кримтоптун мүчөсү Алтынбек Ибраимов үй камагына чыкты Министр Максүтов спектакль жөнүндө талаш-талкууларга комментарий берди Грозныйда Куранды өрттөөгө шектүү Никита Журавлдин иши сотко өттү ЖК чокуларга Абдулазиз падыша менен шейх Нахаяндын атын берүүнү колдодуКадыровду сындаган чечен активисти Кыргызстандан депортацияланат