Чек ара жаңжалында жарадар болгон жоокерге үй берилди

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев (солдо) чек арачы жоокер Таирбек Имханов менен. Бишкек. 19-октбярь, 2023-жыл.

2022-жылы 16-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалда атышуу учурунда жараат алган чек ара кызматкери Таирбек Инхамовго Бишкектен батир берилди.

Бардык шарты бар эки бөлмөлүү батирдин ачкычын чек арачыга Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-октябрда тапшырды.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматында, Таирбек Инхамов чек ара тилкесинде атышуу учурунда минометтун огунан жарадар болгон. Эки буту катуу жабыркап, ок колун тешип өтүп кеткен, сол көзүнөн ажыраган. Учурда ата-энеси менен жашайт.

2022-жылы 14-19-сентябрь күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу жаңжал катталган.

Кагылышта Кыргызстан бери дегенде 70тен ашуун жаранынан айрылган. Чек ара кызматынын расмий маалыматында, ал күндөрү каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, 42и чек арачы болгон.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын расмий билдирсе, "Озоди" радиосунун эсебинде 70тен ашуун киши каза тапканы айтылган. Маалыматты башка көз каранды эмес булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Былтыр курман болгон аскер кызматкерлеринин төртөөнүн сөөгү Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" көрүстөнүнө коюлган.(ZKo)

Дагы караңыз

Токтогул суу сактагычында 11,875 млрд метр куб суу бар"Ала качуу салт" деп айткан депутаттын сөзү талкуу жараттыКазакстан Орусияга товарлардын 106 түрүн сатууга тыюу салды Өпкө оорусуна чалдыккан бейтаптар бир жылда 700 миңге жеттиТашиев кылмыштуулукту колдогондор да жазаланарын айтты