Мелитополдогу жардыруудан үч орус офицери өлгөнү кабарланды

Мелитопол шаары.

Украина Орусия көзөмөлдөгөн Мелитопол шаарында "жергиликтүү каршылык көрсөтүү кыймылдары" уюштурган чабуулдан үч орус офицери өлгөнүн билдирди.

Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы 12-ноябрда Телеграмдагы каналына жазгандай, Мелитополдогу орус күчтөрү басып алып, өз штабына айландырган "Жаңы почта" аттуу имаратта ишемби күнү жардыруу болгон. Башкармалык бул жардыруу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын жана Росгвардиянын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жаткан учурда болгонун кабарлап, аны "өч алуу акциясы" деп сыпаттады.

"Баскынчылардын штабындагы жардыруудан улам Росгвардиянын кеминде үч офицери жок кылынды. Калган жоготуулар тууралуу маалымат такталып жатат. Соккудан кийин Мелитополдо башаламан кырдаал жаралды", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн боло элек. Орусия Мелитополдогу жардыруу тууралуу маалымат бере элек.

Украинанын чалгын кызматынын билдирүүсүнөн Мелитополдогу штабдын жанында автоунаа жарылганын түшүнүүгө болот.

Украинанын түштүк-чыгышындагы Мелитопол шаарында согушка чейин 150 миңдей адам жашап турган. Орус күчтөрү бул шаарды былтыр февраль айынын соңунда ээлеп алган.

Дагы караңыз

Кыргызстанда калктын 75% сейсмологиялык кооптуу аймактарда жашайт Эне баш тарткан ымыркайын көчөгө эмес, атайын жайга калтырса болору эскертилдиБишкек: Элдик курултайга талапкер тандоо аяктадыДан эгиндери өткөн жылга караганда 15% аз жыйналдыКыргызстан Орусияга машина импорттоодо негизги транзитке айланганы белгиленди