“Бишкекасфальтсервистин” жетекчиси Түмөнбаев кызматтан алынды

Турусбек Түмөнбаев.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу 28-ноябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, ал жетектеген ишкана борбордо тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү мөөнөтүн сактаган жок, жолдор жана тротуарлар боюнча материалдарды дайыма сапатсыз даярдаган деген негизде жумуштан алынды.

Мэрия август айында “Бишкекасфальтсервиске” жеке компаниялар менен чогуу шаардагы 21 көчөнүн тротуарларын оңдоо тапшырмасын берген. Бирок иштер убагында бүткөрүлбөй калган. Андан тышкары адамдар баскан жолдорду оңдоо үчүн ишканаларга өткөрүлгөн сынакта мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталганы айтылды.

Президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасына директор болуп дайындалганы быйыл март айында белгилүү болгон.

Түмөнбаев 2021-жылы “Унаа” мамлекеттик мекемесин башкарып турганда транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн даярдоо боюнча тендерге байланыштуу текшерүүдөн кийин кызматтан кеткен. (BTo)

Дагы караңыз

"Азаттыктын" кабарчысы Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгын алдыУкраинанын Чалгын кызматынын башчысынын аялы ууландырылды Казакстан каракалпак активистине качкын макамын берүүдөн баш тарттыКадамжай администрациясынын алдындагы Лениндин эстелиги алынды Талас: УКМК Эсеп палатасынын өкүлүн, Билим берүү бөлүмүнүн башчысын кармадыКазакстанда кызамык менен ооругандардын саны 17 миңден ашты