Президенттин маалымат катчысы Садыр Жапаров кийинки шайлоого катышарын ырастады

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов мамлекет башчы кийинки президенттик шайлоого катыша турганын ырастады.

“Азаттыкка” берген комментарийинде “Кыргызстанда узак мөөнөттүү, стратегиялык маанидеги эл аралык долбоорлор башталганын, ушундан улам Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөткө барышы саясаттагы ырааттуу кадамы” экенин айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 29-январда “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катыша турганын билдирген.

2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген. (BTo)

Дагы караңыз

Бектур Асанов ЖАКтын №31 дарылоо мекемесине которулдуЕБ элчилери Орусиянын эсеби жабылган активдеринен түшкөн кирешени конфискациялоону колдодуБишкекте коомдук транспортто жол кире кымбаттадыУкраина армияга кетчү акчаны кымырган схеманын бетин ачты29-январь: 11 журналист абакка которулду, президенттин кийинки мөөнөтү, Стамбулдагы кол салууГрузиянын премьер-министри кызматтан кеттиБалыкчы: Милициянын машинеси сүзүп кеткен кыздын атасы тосмо арыз жазды