22-февралдын аба ырайы тууралуу маалымат

Бишкек.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 22-февралда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5,

Талас жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -10…-15.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын түнкү температурасы -8…-10°, күндүз 2…4° болот.

Дагы караңыз

Өзбекстанда балдардын окууга баруусун аскерлер текшеришетСтивен Капус: Радиону "жагымсыз уюмдарга" кошкону бизди мындан да катуу иштөөгө түртөтКыргызстан Сириядан эки жылда 432 жаранын алып келди ЖК жергиликтүү кеңештердин укугун азайткан долбоорду четке кактыКыйноолорго каршы борбор Аравандагы интернаттын абалына терс баа берди Таштандыны кайра иштетүүчү заводду кура турган ишкана менен келишим үзүлдүПрокуратура Ош мэриясында жемкорлук аныкталганын билдирди