Шаардык сот аскердик укук коргоочу Анвар Сартаевди үй камагына чыгарды

Бишкек шаардык соту.

21-февралда Бишкек шаардык соту аскердик укук коргоочу Анвар Сартаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Юрий Скатневский билдирди. Маалыматты шаардык соттун басма сөз кызматы ырастады.

Милиция Анвар Сартаевди 1-февралда кармап, Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 1-апрелге чейин камакка алган.

Райондук соттун маалыматы боюнча, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү менен айып коюлган. Ал бөлүк “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деп аталат.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) иштин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек.

Анвар Сартаев аскердик укук коргоочу катары таанымал. 2015-жылы Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына талапкерлигин койгон. 2017-жылы президенттикке талапкерлигин көрсөтүп кайра чакыртып алган. 2022-жылы Бишкектеги Биринчи май округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Согушта каза тапкан орусиялык 45 123 аскердин аты-жөнү такталды Өзбекстанда балдардын окууга баруусун аскерлер текшеришетСтивен Капус: Радиону "жагымсыз уюмдарга" кошкону бизди мындан да катуу иштөөгө түртөтКыргызстан Сириядан эки жылда 432 жаранын алып келди ЖК жергиликтүү кеңештердин укугун азайткан долбоорду четке кактыКыйноолорго каршы борбор Аравандагы интернаттын абалына терс баа берди Таштандыны кайра иштетүүчү заводду кура турган ишкана менен келишим үзүлдү