Ала-Арча паркында адашып кеткен орусиялык туристтер куткарылды

Орусиялык туристтерди тоодон алып түшүп келаткан куткаруучулар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары Ала-Арча улуттук паркындагы Адыгене капчыгайында жолдон адашып кеткен Орусиянын үч жаранын - 49 жаштагы эркек кишини жана анын 19 жаштагы кызы менен 10 жаштагы уулун куткарышты.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, куткаруучулар туристтерди 29-март күнү таңкы саат 5:30да аман-эсен тоодон алып түшүрүшкөн. Аларды издөө иштери 28-марттын кечинде башталган. Капчыгайда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаагандыктан, туристтер тоо боорундагы жалгыз аяк жолду таппай, адашып калышкан.

“Аларда түн ичинде белги бере турган буюмдары да жок экен. Капчыгайды өрдөй издеп, эч кимди тапкан жокпуз. Тоонун экинчи тарабы менен издеп келе жатып, болжол менен түнкү саат үчтө үндөрдү уктук. Көрсө, жеңил кийинип чыккан балдары үшүп, аларды атасы сооротуп жатыптыр”, – деди издеп-куткарууга жооптуу офицер, лейтенант Нургазы Орозов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары жана орусиялык туристтер.

2023-жылы август айында Борис Михайлов жана анын сегиз жаштагы кызы Ала-Арча паркындагы дарыяга агып кеткен. Алардын сөөгү үч күндөн кийин табылган.

Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы 1976-жылы негизделген. Ал жалпысынан төрт аймакка бөлүнөт, эс алуу, спорттук альпинизм зоналары баарына ачык. Жапайы жаныбарларды көбөйтүү, байкоо жана азыктандыруу аймагы корукка алынган. (BTo)

Дагы караңыз

Орус армиясы Украинанын аймагына “Шахеддер” менен жапырт сокку урдуЭсептөө палатасынын инспектору мектеп, бакча директорлорунан пара талап кылууга шектелүүдөЖалал-Абадда дагы коопсуздук боюнча жыйын өттү "Крокус Ситидеги" кол салууда каармандык көрсөткөн кыргызстандыктар министрликтин сыйлыгын алдыЧүйдө кыска мөөнөттүү бала бакча ачылдыБишкекте шамалдан эки бала, 19 билим берүү мекемеси жабыркадыCадыр Жапаров АКШнын сенатору менен кызматташтыкты талкуулады