Өкмөт бюрократияны азайтуу чараларынын алтынчы топтомун кабыл алды

Кыргыз өкмөтү тараткан сүрөт.

Министрлер кабинети 22-декабрда дебюрократизация жараянына байланыштуу кезектеги жыйынын өткөрдү жана анда чаралардын алтынчы топтому кабыл алынды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, буга чейинки кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгы тууралуу баяндамалар жасалды.

"Жыйындын жүрүшүндө бюрократияны жоюу чараларынын алтынчы пакетин түзгөн сунуштар айтылды. Бул пакетти ишке ашыруу ашыкча административдик процедураларды андан ары кыскартууга, кайталанма талаптарды жоюуга, санариптик чечимдерди колдонууну кеңейтүүгө жана жарандардын жана бизнестин муктаждыктарына мамлекеттик башкаруунун көңүл буруусун жакшыртууга багытталган. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чечимдерди жүзөгө ашыруу, аткарылышын көзөмөлдөө жана так натыйжаларга жетишүү кийинки этапта негизги артыкчылык болоруна токтолду. Жыйындын соңунда жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигине басым жасалып, жаңы чаралардын топтомун белгиленген мөөнөттө аткарууга байланыштуу тапшырмалар берилди",-деп жазылган маалыматта.

Ушул жылдын март айында кыргыз өкмөтү алты айдын ичинде мамлекеттик башкаруyну кескин реформалап, бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекеме-уюмдарды жоюу, бюрократия менен ашыкча чыгымдарды азайтуу планын жарыялаган.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун атайын жарлыгы да чыккан. Документке ылайык, юстиция министри Аяз Баетов Министрлер кабинетинин төрагасынын убактылуу орун басары болгон. Ал ошондой эле Стратегиялык демилгелер улуттук институтун дагы жетектеп жатат.

Дагы караңыз

Илхам Алиев Орусиядагы КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине келген жок Уиткофф Майамидеги сүйлөшүүлөр "конструктивдүү" болгонун билдирди Чүйдүн акими Тагаев кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек саналып кармалды Москвада машинадагы жардыруудан генерал Фанил Сарваров мерт болду Акыйкатчы институту көп аялдуулук тууралуу арызданган келинге укуктук жардам берет Кыргызстанда 17,7 миң гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы коюлдуТүлеев Атамбаевдин тушунда салыктан качканын, азыркы бийликтин убагында 300 миллион сом төлөгөнүн билдирди Мектептеги зомбулукка байланыштуу Караколдо ички иштер жана билим берүү кызматкерлери жазаланды