КазТаг маалымат агенттигинин башкы редактору Амир Касенов камалды

Казакстандын борбору Астана шаарында КазТаг маалымат агенттигинин башкы редактору Амир Касенов камалды. Бул тууралуу агенттиктин расмий сайтына жарыяланды. Ага ылайык, Касенов 23-декабрда кечинде полицияга чакырылгандан кийин камакка алынган.

Маалымат агенттигинин башчысы Асет Матаев муну "укуктук чектен чыккандык" деп атады жана буга байланыштуу Freedom finance компаниясын, анын жетекчиси Тимур Турловду айыптады.

Мунун алдында Freedom finance компаниясынын арызынын негизинде Касенов менен Матаевге "жалган маалымат таратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Ага чейин сайтка аталган компаниядагы көз боемочулук схемалар тууралуу материал жарыяланган жана анда жетекчилеринин аты аталган.

Тимур Турлов Орусиядан болот жана казак жарандыгын алган.

Жазында бир катар казакстандык жарандар Freedom finance компаниясынын кызматкерлеринин айынан жабыркап, чыгымга учурашканын айтып чыгышкан. КазТаг буга байланыштуу материал даярдаган жана бир катар кайрылууларга карабай бул компания жооп бербегенин билдирген.

Дагы караңыз

Бишкек–Ош жана Бишкек–Манастан башка ички аба каттамдардын баасы туруктуу болот Түркияда учак кыйрап, Ливиянын армиясынын Башкы штабынын жетекчиси мерт болду Бактияр Орозов ичимдик ичип машина айдаганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылды "Манас" аэропортунда коюу тумандан улам каттамдар үзгүлтүккө учурап жатат Жанарбек Акаев Ошто ашууларда кытайлык айдоочулардын айынан тыгын жаралып жатканын айттыЖК комитеттери бюджет тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда жактырдыЖК комитеттери Досмамбетовду саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди Трамп Луизиананын губернаторун Гренландия боюнча чабарманы кылып дайындады