Жогорку Кеңештин 24-декабрдагы жыйынында Баткен облусундагы "Теке секирик" долбоору ишке ашпай жатканына байланыштуу маселе дагы көтөрүлдү. Депутат Ырысбек Атажанов өкмөт өкүлдөрүнөн кандай иштер аткарылып жатканын сурады.
Ага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жооп берип, долбоорлоочу адистерди таппай жатышканын, быйыл дагы издешерин айтты.
"Биз техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү жасадык. Ал жерде суу сактагыч эле эмес ГЭС боюнча дагы кошумчалар кирди. Ал жерде негизинен 16 миң гектар жерди өздөштүрөбүз. Биз долбоорлоого 50 миллион сом койгонбуз. Ал өтө чоң долбоор. Биз долбоорлоочу адистерди тапкан жокпуз. Быйыл издейбиз. Тапкандан кийин иштерди беребиз, акчабыз бар".
Баткендеги жүздөгөн гектар жерге сугат суу жеткирүү, такыр аянттарды айдоо талаасына айлантуу каралган долбоор 2006-жылы эле башталган.
Буга чейин Финансы министрлиги иш 2023-жылы башталарын, төрт-беш жылдын ичинде аяктарын, бюджеттен 500 миллион сом бөлүнөрүн билдирген.
"Теке секирик" долбоорун ишке ашыруу маселеси парламентте, элдик курултайда дагы көтөрүлгөн.