Оренбургда жол кырсыгынан үч кыргыз жараны, анын ичинде эки жашар бала мерт болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Оренбург облусунда жол кырсыгынан Кыргызстандын үч жараны, алардын арасында эки жашар бала мерт болду, дагы эки кыргызстандык жараат алды.

Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, М-5 "Урал" трассасында үч машина кагылышкан. Аварияда жалпы беш адам жараат алганы, алардын бири жаш бала экени кабарланды.

Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бул маалыматты ырастады. Анда 1977-жылы туулган Ж.Ж.М., 1997-жылы туулган Э.А.А. жана 2023-жылы төрөлгөн бала мерт болгонун, жараат алган дагы эки кыргызстандык ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кырсыктаган жарандардын жакындары жана орус укук коргоо органдары менен байланышта болуп, мерт кеткен жарандардын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселелерин чечип жатат.

Кыргызстандын ТИМи жарандарды Орусияда машина менен жол жүргөндө жол коопсуздугун жана аба ырайын эске алууга чакырды.

Дагы караңыз

Делегат Карабаева жабык жайларда адам укугу бузулуп жатканын айтып чыкты Садыр Жапаров делегаттарды бийликти мактабоого, маселенин ток этерин айтууга чакырды Орусиядан шайланып келген делегат Садыр Жапаров мигранттар маселесин сөз кылбаганын айтты Президент Жапаров мугалимдерин, дарыгерлердин айлыгы 100% көтөрүлөрүн билдирди Курултайда кыргыз-казак чек арасындагы Чүй дарыясынын жээги кемирилип жатканы дагы айтылды Күйөөсү атып салган келинге торт менен гүлдү анын студенттери бергенин айтып чыгышты Көк бөрү федерациясынын президенти алдамчылыкка шек саналып камалды Ташиев күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келиндин өлүмүн ар кайсы жагдайга шылтоо орунсуз экенин эскерттиТуманбаев МИК курган үйлөр жыш жайгашканы тууралуу дооматты жокко чыгарды