New York Times басылмасы Украина менен АКШ чогуу даярдаган, 20 пункттан турган тынчтык планын талдап чыгып, аны Орусия четке кагышы толук ыктымалдыгын жазды.
Анын себептери катары орус армиясы фронттогу ийгилигине манчыркап турганы, бул планды орус коомчулугуна жеңиш катары көрсөтүү кыйын болору, планда Донбасска байланыштуу Москванын негизги талаптары камтылбаганы жана ушул жылы жүз миңдеген орусиялык жаран согушка катышуу үчүн келишим түзгөнү, бул көптөгөн жоготууларга карабай согушту улантууга мүмкүн берери айтылды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 23-декабрда АКШ, Украина жана европалык тараптар иштеп чыккан согушту токтотууга багытталган тынчтык планынын долбоорун тааныштырган.
Долбоорго ылайык, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн саны тынчтык мезгилинде 800 миң аскердин тегерегинде сакталат. Документте АКШ, НАТО жана келишимге кол койгон европалык мамлекеттер Украинаны аскердик альянстын бешинчи беренесине окшош коопсуздук кепилдиктери менен камсыздоосу каралган. Ал беренеде альянстын бир мүчөсүнө кол салуу бардыгына кол салуу дегенди билдирет.Пландагы жоболордун биринде Орусия Европага жана Украинага кол салбай турганын өз мыйзамдары аркылуу бекитиши керек. Жетинчи жобого ылайык, Украина Евробиримдиктин мүчөсү болуп так белгиленген мөөнөттө кирет. Долбоордо келишим күчүнө кириши үчүн Орусия өз аскерлерин Украинанын Днепропетровск, Николаев, Сумы жана Харьков облустарынан чыгарышы керектиги көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, Украина келишимге кол коюлгандан кийин мүмкүн болушунча эртерээк шайлоо өткөрүүгө тийиш.
Ал эми Запорожье атомдук электр станциясы боюнча азырынча мунаса табыла элек.
Аймактардын тагдыры эң татаал маселе бойдон калууда. Украина согушту азыркы фронт сызыгы менен токтотууну талап кылууда. Орусия болсо Донбассты толук өз карамагына алууну көздөп жатат. Компромисс катары АКШ Донецк облусунда эркин экономикалык зона түзүүнү сунуштаган. Бирок Зеленскийдин айтымында, Украина муну референдум аркылуу гана кабыл ала алат.
Буга чейин Bloomberg басылмасы Кремлге жакын булактарына таянып Москва бул планга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кыларын жазган.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, 24-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин соңку сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат алган. Ошондуктан жакын арада Кремль Вашингтон менен өз позициясы тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантат. Песков кошумчалагандай, азыркы тапта Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүсү пландаштырылган эмес.