Курултайда четте жүргөн мигранттардын шайлоого катышуу укугу чектелгени айтылды

Курултай, архивдик сүрөт.

Бишкекте өтүп жаткан IV курултайдын экинчи күнүндө жарыш сөзгө чыккан, Орусиядагы кыргыз диаспораларынан шайланып келген делегат Казыбек Усупов чет жерде жүргөн кыргыз жарандарынын шайлоого талапкер катары катышуу укугу чектелгени тууралуу маселе көтөрдү.

Ал көп убакыт башка мамлекетте жүргөнү үчүн шайлоого катыша албай калганы туура эмес экенин айтып, тескерисинче, аларга атайын квота бөлүп берүүнү сунуштады.

"Чет жерде жүргөн мекендештер Жогорку Кеңештин депутаты боло албайт деген мыйзамды алып салууну сунуштайм. Бул мыйзам менен силер чет жерде жүргөн бир миллиондон ашык мекендешибиздин укугун чектеп жатасыңар. Андан көрө, чектөө киргизбестен, бир же эки квота бергиле. Ошол жактан дагы талапкерлигин көргөзүшсүн. Ал жакта эмне деген гана жаштар жүрөт. Алардын ички дүң өнүм тууралуу кабары бар",-деди делегат.

Борбордук шайлоо комиссиясы соңку парламентттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген айрым жарандарды акыркы беш жылда Кыргызстанда туруктуу жашаган эмес деген негизде каттоодон баш тарткан. Муну шайлоо тууралуу жаңы мыйзамдын талабы менен түшүндүргөн.

Бул жагдай сын-дооматка кабылып, айрыкча сыртта жашап, иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын нааразылыгын жараткан.

Дагы караңыз

Трамп Нигерияда америкалык аскерлер "Ислам мамлекети" террордук уюмуна сокку урганын билдирди Кыргызстанда жаңы жылдык эс алуу 12-январга чейин узартылды Казакстанда бир жылда Украинадагы согушка катышкандарга 700 кылмыш иши козголду Делегат Карабаева жабык жайларда адам укугу бузулуп жатканын айтып чыкты New York Times: Орусия Украина менен АКШ даярдаган тынчтык планын четке кагышы толук мүмкүнОренбургда жол кырсыгынан үч кыргыз жараны, анын ичинде эки жашар бала мерт болдуОрусиядан шайланып келген делегат Садыр Жапаров мигранттар маселесин сөз кылбаганын айтты Курултайда кыргыз-казак чек арасындагы Чүй дарыясынын жээги кемирилип жатканы дагы айтылды Көк бөрү федерациясынын президенти алдамчылыкка шек саналып камалды