"Манас" аэропортунда учактарга туманда дагы конууга мүмкүнчүлүк берген система орнотулуп жатат

"Манас" аба майданы.

Бишкектин четиндеги "Манас" аба майданында III категориядагы (CAT III) жарык белги берүүчү система орнотулуп жатат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасынын директору Манасбек Самидинов билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, бул система коюлгандан кийин коюу туман түшкөндө дагы учактардын конуусуна мүмкүнчүлүк берерин билдирди. Бул иштер январь айында аягына чыгарын, андан кийин туманга байланыштуу маселе жаралбасын айтты.

Өткөн апталарда аталган аба майданда коюу тумандан улам бир канча күн катары менен каттамдар маал-маалы менен үзгүлтүккө учураган. Бардык ички жана эл аралык каттамдардагы учуулар бир нече саатка кармалган учурлар болгон.

Ошол маалда социалдык тармактарда Москва-Бишкек багытындагы учак Манас аэропортуна коно албай, Ысык-Көлдөгү Тамчы аба майданына конгондо жаңжал чыкканы тартылган видеолор тараган.

Анда айрым жаалданган жүргүнчүлөр абалга нааразы болуп, компьютер өңдүү техниканы талкалап салганы айтылган. Аэропорттун жетекчилиги бул окуяга байланыштуу жергиликтүү милицияга кайрылган жана келтирилген зыянды төлөтүп алуу үчүн иликтөө башталганы маалым болгон.

Дагы караңыз

ӨКМ Бишкекте Чүй каналына агып кеткен "Тазалыктын" үч жумушчусу изделип жатканын билдирди Адвокат Темирлан Султанбеков шарты жок айып изоляторуна киргизилгенин айтып чыкты Жалал-Абаддагы №13 көп мандаттуу округдагы кайра шайлоо 1-мартка белгилендиКазТаг агенттигинин кеңсесинде, башкы редактордун үйүндө тинтүү жүрдү Майлуу-Суу лампа заводунун жумушчулары иш токтоп жатканын айтып бийликке кайрылды Жибек Урустемованын өлүмүнө байланыштуу иште эки милиция кызматкери камалды Владимир Путин эл аралык соттордун чечимдерин аткарууга тыюу салды Макрон Украинанын Европадагы өнөктөштөрү январда Парижде жолугарын билдирдиБаткен жана Согд облустарынын башчылары өз ара алака-катышты талкууладыСеидбек Атамбаев атасынын сыйлыктардан ажыратылышы жөнүндө комментарий берди