Чүй каналына агып кеткен "Тазалыктын" үч жумушчусунун биринин сөөгү табылды

Чоң Чүй каналы. 2025-жылдын 30-декабры. Куткаруучулар издөө жүргүзүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бүгүн, 30-декабрда эртең менен Бишкектеги Чоң Чүй каналына агып кеткен "Тазалык" ишканасынын бир жумушчусунун сөөгү табылганын билдирди.

Калган эки адамды издөө уланып жатканын, жалпы сегиз куткаруучу тартылганын кабарлады.

Бишкек шаардык мэриясы кырсык тууралуу билдирүү таратып, окуя шейшемби күнү 08:00-08:30дар чамасында болгонун, үч жумушчу эртең мененки иштен кийин үйлөрүнө баратканда техникалык каналга агып кеткенин маалымдады.

Мэр Айбек Жунушалиев окуя болгон жерге өзү барганын, набыт болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө "Тазалык" ишканасынын кесиптик кошуунунун каражаттарынан сырткары шаардык резервдик фонддон да жардам көрсөтүү тапшырмасы берилгенин кошумчалады.

Дагы караңыз

"Манас" аэропортунда учактарга туманда дагы конууга мүмкүнчүлүк берген система орнотулуп жатат ӨКМ Бишкекте Чүй каналына агып кеткен "Тазалыктын" үч жумушчусу изделип жатканын билдирди Адвокат Темирлан Султанбеков шарты жок айып изоляторуна киргизилгенин айтып чыкты Жалал-Абаддагы №13 көп мандаттуу округдагы кайра шайлоо 1-мартка белгилендиКазТаг агенттигинин кеңсесинде, башкы редактордун үйүндө тинтүү жүрдү Майлуу-Суу лампа заводунун жумушчулары иш токтоп жатканын айтып бийликке кайрылды Жибек Урустемованын өлүмүнө байланыштуу иште эки милиция кызматкери камалды Владимир Путин эл аралык соттордун чечимдерин аткарууга тыюу салды Макрон Украинанын Европадагы өнөктөштөрү январда Парижде жолугарын билдирдиБаткен жана Согд облустарынын башчылары өз ара алака-катышты талкууладыСеидбек Атамбаев атасынын сыйлыктардан ажыратылышы жөнүндө комментарий берди