20-январдан тартып Орусиянын 14 жашка толо элек жарандары үчүн айрым чет өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да чыгып-кирүүдө паспорт талап кылына баштайт.
Орусиянын Чек ара кызматы маалымдагандай, 20-январдан тартып Орусиянын 14 жашка толо элек жарандары үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк чет өлкөлөргө чыгууда жана кирүүдө тегин тастыктаган документ болуудан калат. Анын ордуна баланын жалпы жарандык паспорту же ата-энесинин балдары тууралуу маалымат киргизилген биометриялык эмес паспорту талап кылынат. Мындай тартип Абхазия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Түштүк Осетияга кирип-чыгууда мурдагы нормалардын ордун алмаштырат.
Мындан тышкары жашы жете элек балдарды чек арадан алып өтүү үчүн ата-энесинин макулдугун нотариалдык жактан тастыктаган ишеним каты керек. Эгер ата-энесинин бири каршы болсо, бала чек арадан чыгарылбайт.
Чек ара кызматы ошондой эле аталган өлкөлөрдүн жарандары Орусияга кирип чыгуу үчүн эл аралык келишимдерге ылайык, ички паспортторун колдоно алышарын да эскерткен.