4-январдын аба ырайы: Тоолуу аймактарда кар жаайт

4-январда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -6…-11 суук болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 6…8° жылуу болот.

Дагы караңыз

Мадуро жана анын аялынын соту Манхэттенде болот Орусиядан балдар Кыргызстанга паспорт менен гана кирип-чыга алышатЫсык-Атада калайман мушташтан улам 29 адам кармалдыТакси айдоочулардын лицензиясы 1-февралдан тартып текшериле баштайтУкраина "Путиндин резиденциясына жасалган чабуулду" айыптаган Борбор Азия лидерлерин сынга алды