Nestlé балдар тамак-ашынын айрым партияларын артка кайтарып алууда

Nestlé ишканасынын эн белгиси.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Nestlé компаниясы Кыргызстанда балдар тамак-ашынын айрым партияларын артка кайтарып алып жатканын кабарлады. Бул тууралуу министрликке өлкөдө Nestlé ишканасынын продукциясын тараткан Forester жоопкерчилиги чектелген коому билдирген.

Буга чийки зат компоненттеринин биринде цереулид токсини болушу мүмкүн деген кооптонуу негиз болгон. Ушундан улам Forester Кыргызстандагы соода түйүндөрүнөн продукцияларды алып салуу боюнча иштерди баштады.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти элди Nestlé компаниясы өндүргөн балдар тамак-ашынын аталышын жана чыгарылган датасын текшерүүнү, эгер кайтарып алынуучу партияларга дал келсе продукцияны колдонууну токтотуп кайтарып берүү же алмаштыруу үчүн сатып алынган жерге кайрылууну сунуштады.

Forester ишканасы мындай продукциянынын саны анча көп эмес экенин кабарлаган.

Цереулид — Bacillus cereus бактериясынын айрым штаммдарынан бөлүнүп чыгуучу, жогорку температурага туруктуу токсин. Жогорку деңгээлдеги токсин бар продукцияны колдонгондо бала кусуп же ичи өтүшү мүмкүн.

Буга чейин Nestlé 25 өлкөдө балдар үчүн сүт аралашмасынын айрым партияларын кайра артка кайтарып алып жатканы айтылган. Алардын арасында SMA, BEBA жана NAN продукциялары бар. (BTo)

Дагы караңыз

ТИМ Америкага виза алуу үчүн төлөнө турган күрөөгө комментарий бердиАбдрахматов "Алтай" шаарчасынын курулушу Сейсмология институту менен макулдашылбаганын айттыЧүйдө үй-бүлөлүк зомбулукка шек саналып 33 жаштагы адам кармалдыШаардык милиция чет өлкөлүктөр жанында документтерин алып жүрүшү керектигин эскерттиFox News Иранда демонстранттар эки шаарды көзөмөлүнө алганын кабарладыСенатор Грэм Орусияга каршы санкция мыйзамын Трамп колдогонун билдирдиФранция, Британия жана Украина коопсуздук кепилдиктери боюнча декларацияга кол коюштуУкраинанын эки аймагы түндө таптакыр жарыксыз калдыСот Кудрет Тайчабаровду камакта калтырды