Орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова теле алып баруучу Владимир Соловьёвдун Борбор Азияга тиешелүү айткан сөздөрү Москванын расмий позициясы эмес деп билдирди.
Захарова кеп журналисттин менчик каналдан айтылган жеке ой-пикири тууралуу экенин белгиледи. Анын айтымында, андай сөз билдирүү эмес, суроо түрүндө берилген жана айрымдар «Москванын позициясы» деген «чагымчыл таризде бурмалаган».
Тышкы саясий мекеменин өкүлү Орусиянын расмий позициясын ыйгарым укугу бар мамлекеттик адамдар гана айта аларын, буга чейин өлкө жетекчилиги Москва постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөр менен мамиле түзгөндө суверенитеттерин урматтоо принцибине таянарын кошумчалады.
10-январда Кремлдин таасирдүү пропагандачысы деп таанылган Соловьёв согуш Украинадан тышкары аймактарга да жайылышы мүмкүн экенин айтып, Борбор Азия менен Арменияны атаган.
14-январда Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Соловьёвдун Борбор Азия тууралуу айткандарына комментарий берип, анын сөздөрүн этибарга албоого чакырып, сандырак сөздөрүнүн бири деп атады.
Чөлкөмдүн коомчулугунда анын сөзүн көз карандысыз өлкөлөрдүн эгемендигине шек келтирген билдирүү катары айыптаган талкуу жүрүүдө.
Соловьёв буга чейин да мурдагы советтик өлкөлөрдүн же КМШ мүчөлөрүнүн дарегине опузалаган учурлар болгон.