Өзгөндө 1,5 айлык ымыркай кыймадан кийин чарчап калганы кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөн райондук ооруканасында 1,5 айлык ымыркай чарчап калганы боюнча ишти райондук милиция иликтөөгө алды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер бөлүмү (ОИИБ) маалымдады.

Ага ылайык, 21-январь күнү Өзгөн райондук милициясына аймактык ооруканадан 2025-жылы 11-ноябрда туулган ымыркай кан аздыгынан улам чарчап калганын маалымдашкан. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө күбөлөр суралган.

"Ымыркайдын өлүмүнүн келип чыгуусун аныктоо максатында тийиштүү экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат", - деп билдирди милиция.

Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары ымыркайдын чарчап калышына ага жасалган кыйма (хижама) себеп болгонун жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, баланы ооруканага алып келишкенде дарыгерлер анын гемоглобини 43кө түшүп, көп кан жоготконун аныкташкан.

Кыргызстанда кыйма жасаткандан кийин оорусу күч алып, адамдар каза болгон учурлар буга чейин да катталган.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктарды хижама ыкмасын колдонуудан оолак болууга чакырып келет. Министрлик Кыргызстанда хижама медицина ыкмасы катары лицензияланган эместигин билдирип, тескерисинче, андан кан аркылуу илдет жугуу коркунучу бардыгын эскерткен. (ZKo)

Дагы караңыз

Трамп Европа үчүн жаңы тарифтик төлөмдөр азырынча кирбей турганын айттыПутин Трамптын"Тынчтык кеңешине" кирүүгө тоңдурулган акчадан миллиард доллар төлөөгө даярдыгын билдирдиҮй-бүлөлүк зомбулукка айыпталган алгачкы 15 адамга электрондук билерик тагылдыБишкекте кампада өрт чыгып, чет элдик жаран каза болгону кабарландыАшканадан генералга чейинки жол. Сыймык Жапыкеев ким? Укук коргоочу  Азиза Абдирасулова Европа кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыгын алды