"Кош бойлуу кезимде үбөлүк менен сабаган". Депутаттын мурдагы жубайына коргоо ордери берилди

Асел Азаматова жана Элдар Сулайманов. Коллаж. Сүрөт Азаматованын уруксаты менен анын соцтармактагы баракчасынан алынды.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мурдагы аялы андан зомбулук көргөнүн айтып чыкты. Депутат муну каралоо, куру доомат деп баалап жатат. Милиция келиндин билдирүүсү текшерилип жатканын, ага 26-январда коргоо ордери берилгенин маалымдады.

"Үбөлүк менен сабады"

Өзүн Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мурдагы жубайымын деп тааныштырган Асел Азаматованын билдирүүлөрү Инстаграм жана Threads социалдык тармактарына 24-январда жарыяланды. Анда Азаматова күйөөсү менен жашап жүргөн жылдары андан зордук-зомбулук көргөнүн жазган.

Ал Элдар Сулаймановго 2016-жылы турмушка чыкканын, башында майда-барат чыр-чатактар чыгып келсе эки жылдан кийин уруп-сабап баштаганын билдирген. 2022-жылы төрт айлык кош бойлуу кезинде үбөлүк менен катуу сабап, соттук-медициналык экспертиза “мээси чайкалган” деген тыянак чыгарып бергенин кошумчалады. Ал укук коргоо органдарына мурда кайрылганын, бирок эч кандай чара көрүлбөгөнүн, мурдагы күйөөсүнөн балдарынын көзүнчө да токмок жегенин, бирок кечирим сурагандыктан элдешип, арызын кайра алганын да айтууда:

"Менин жашоомдогу азаптуу күндөр да дал ушул убакта, 2022-жылдын башында Элдар Жогорку Кеңешке депутат болгондон кийин башталган. Ал өзү айткандай, "чынжырдан бошонгон иттей болуп" ченебей ичип, мага кол көтөрө баштады. Кийин өзүнүн жоругун түшүндүрүүгө аракет кылды: "бийликке мас" болгон экен. Бул "эргулдун" башаламан жыныстык байланыштарын айтпай эле койойун. Ал кезде боюмда бар эле, 16 жума болуп калган. Ушундай күндөрдүн биринде, тактап айтканда 2022-жылдын 30-июнунан 1-июлга караган түнү ал мени аеосуз сабады. Соттук медициналык экспертиза мээ чайкалган, денемдин баарында жарааттар, канталап көгөргөн жерлер бар, бойдон түшүү коркунучу болгон деген бүтүм чыгарган. Себеби, үбөлүк менен урганда ичиме да тийген", - деп жазды Асел Азаматова. Ал ошол жылы сабалган кезде тартылды делген сүрөттөрүн жарыялады.

"Муну 2022-жылдын 1-июлунда тартып алгам. Сүрөттү курбум мага кийин кайра жиберди. Анткени, Элдар менен телефонума кирип, мындай сүрөттөрдү дайыма тазалап турчу. Мен муну билип, сүрөттөрдү курбума жөнөтүп койгом. Бул жерде менин кош бойлуу болгонума 16 апта болгон. Сүрөттө камыр жайган үбөлүктүн тактары бар. Токмоктон улам мен оң капталыма кулап түшкөндө үбөлүк негизинен денемдин сол тарабына тийген. Менин балдарымдын атасы андан кийин ичиме тепкен", - деди ал.

Элдар Сулаймановдун жообу

Бул айтылгандарга Элдар Сулаймановдун өзү кечке жуук комментарий берди. Соцтармактардагы расмий баракчасында жарыяланган маалыматта депутат Азаматованын билдирүүсүн куру доомат катары баалаган:

"Социалдык тармактарда тараган маалыматтарга байланыштуу түшүндүрмө берүүнү туура көрдүм. Коомчулукка тараган бул маселе жеке мүнөздөгү, көптөн бери уланып келген үй-бүлөлүк пикир келишпестикке байланыштуу. Айтылып жаткан куру доомат билдирүүлөр бир тараптуу мүнөзгө ээ, бул үчүн укуктук баа берүүнү талап кылат. Эгер мен окуянын экинчи жагын толук айтып берсем, бүгүн мени сындап же жек көрүп жаткан адамдар да ойлоно тургандай жагдайлар бар. Бирок мен буга барбайм. Ошондуктан чындыкты толук билбей туруп жыйынтык чыгарбаңыздар. Учурда мага карата күнөөнү тастыктаган соттун мыйзамдуу чечими жок. Мен жагдайдын толук жана адилет каралышына ачыкмын. Коомчулуктан жана ММКдан тиешелүү органдардын чечими чыкканга чейин шашылыш тыянак чыгарбоону суранам", - деп жазды Сулайманов.

Асел Азаматованын билдирүүсү кыргыз коомчулугундагы жарылайын деп турган дагы бир жараны, зомбулуктун бардык катмарга жайылганы тууралуу маселени күн тартибине чыгаргандай болду.

Коомчулукта милиция депутатка убагында эмнеге чара көрбөдү деп суроо салгандар, жогорку кызматта отургандардын аялдарынын арасында зомбулук көргөндөр көп экенин айткандар бар.

Милиция: Азаматовага коргоо ордери берилди

Кызуу талкуулардан жана Ички иштер министрлигинин аккаунттарын белгилеп бөлүшкөндөр көбөйгөн соң милиция бул боюнча журналисттерге маалымат берди. Анда Асел Азаматова милицияга 2026-жылдын 26-январында кайрылганын, ага коргоо ордери берилгени белгиленген:

"2026-жылдын 26-январында Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгына А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда мурдагы жолдошу - Жогорку Кеңештин депутаты Э.С. тарабынан узак убакыттан бери психологиялык кысым көрсөтүлүп жатканын, ошондой эле буга чейин күч колдонуу менен зомбулук фактылары орун алганын билдирип, чара көрүүнү суранган. Аталган факт электрондук реестрге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Көрүлгөн чаралардын алкагында коргоо ордери берилди. Учурда бардык зарыл болгон текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет. Белгилей кетсек, бул факт борбор калаанын милициясынын жетекчилигинин көзөмөлүндө турат", - деп айтылат Бишкек милициясы тараткан кабарда.

Ошол эле кезде ички иштер органдары Асел Азаматованын буга чейинки арыздары боюнча кабар бере элек.

Элдар Сулайманов 40 жашта. Ал 2025-жылдын ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо № 5 округдан шайланып келген. Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун уулу болот. Эмгек жолун “Электр станциялар” ишканасынан баштап, кийин Финансы полициясында, Мамлекеттик каттоо кызматында, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. 2021-жылы Ош шаардык кеңешине “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышып, депутат болгон. Ушул эле жылы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен келип Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Азыр парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде төрага. Ошол комитеттин мүчөсү, депутат Гуля Кожокулова буларды айтты:

"Азыр бирдеме деп айтууга эрте, менин деталдар тууралуу кабарым жок. Ал азыр комитетте жай отуруп эле төрагалык кылды. Мага биринчи окуянын чоо-жайы менен таанышып алууга убакыт бериңиздер. Кандайдыр бир укуктук баа берүү үчүн деталдарды билишим керек", - деген Кожокулова "эгер депутат мурдагы аялына зомбулук көрсөткөнү аныкталса, жазага тартылабы же кол тийбестиги барбы?" деген сурообузга минтип жооп кайтарды.

"Бул жерде маселе кол тийбестикте эмес. Бул башка нерсе. Соттуулук болуш керек. Ошондуктан алгач таанышып чыгуу керек, ага чейин эч нерсе айта албайм".

Парламент депутатынын укуктары Баш мыйзамдын 78-беренесинде көрсөтүлгөн. Ага ылайык, кылмыш жасаган жеринен кармалган учурдан башка маалда жоопко тартуу маселесине Жогорку Кеңеш депутаттарынын көпчүлүк добушу менен уруксат берилет.

Элдар Сулаймановдун дарегине карата айтылган зомбулук боюнча дооматтар кандай иликтенери, аягы эмне менен бүтөрү азырынча беймаалым.

Тыйылбаган зомбулук, кордук көргөн аялдар

Сулаймановдун мурдагы жубайымын деген Асел Азаматова депутаттын экинчи никеси экенин айтууда. Ортолорунда үч бала бар.

Асел жогорку кызматтарда иштеген күйөөлөрүнөн кордук көргөнүн айтып чыккан биринчи аял эмес.

Январда интернетте өзүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиевдин "мыйзамдуу жубайымын" деп тааныштырган Батма Ормонованын видео кайрылуусу жарыяланган. Ал 38 жылдан бери чогуу жашап келаткан күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн, коопсуздугу коркунучта экенин айтып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылган, Бердиев өзүнүн үстүнө он жолу аял алганын айткан.

Бул кайрылуудан кийин 11-январда 60 жаштагы экс-депутат кармалып, камалган. Ички иштер министрлиги 2022-жылы ал алдоо жолу менен акча алып, жеке максаттарына жумшаганы аныкталганын, анын аялынан да үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөнүн билдирген.

Президенттин Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Мирбек Мияров Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси ("Эки жана андан көп аял алуу") менен айыпталууда. Ага козголгон иш боюнча соттук териштирүү Бишкектин Октябрь райондук сотунда жүрүп жатат.

Мияровго каршы иш козгоого мурда аны менен жарандык никеде турган Хабиби Уланова аттуу келиндин арызы себеп болгон.

Келин Мияров менен үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп, нике кыйганын, баласы оорулуу экенин билгенден кийин күйөөсү андан баш тартып, каралашпай кеткенин жар салган.

Экс-губернатор өзү бул боюнча быйыл 6-январда комментарий берип, Уланованын айткандарын "жалган жалаа" деп атаган. Тескерисинче анын "алдамчылык торуна" илинип калганын, баласынан баш тартпай, каралашып келгенин, мыйзамдуу жубайы менен чогуу баланы асырап алуу үчүн сураганда Уланова бербей койгонун айткан.

Декабрдын аягында Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев президенттин жарлыгы менен кызматтан алынган. Анын кызматтан кетүү себебине расмий түшүндүрмө берилбегени менен, кийинчерээк кош никесине байланыштуу иштен алынганы белгилүү болгон.

Мындан тышкары кыргыз коомунда үй-бүлөлүк зомбулук, аялын сабоо, өлтүрүп салуу сыяктуу кейиштүү окуялар улам көбөйүп баратат.

Статистикага таянсак, соңку төрт жылда Кыргызстанда никелешүү 11,8%, төрөлүү 7% азайып, ажырашкандар 14,9% өскөн.