ЖАМК Мурсалым Өмүрзаков абакта каза болгону тууралуу маалыматты четке какты

Мурсалым Өмүрзаков.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү Мурсалым Өмүрзаков жазасын өтөп жаткан абакта каза болгону тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматты четке какты.

Буга чейин интернет булактарында ал түрмөдө киши колдуу болгону жөнүндө кабарлар чыккан.

Укук коргоо органдары Мурсалым Өмүрзаковду ар кайсы жылдары ар кандай кылмыш иштерине айыптап кармап, кийин ал эркиндикке чыккан. Акыркы жолу аны 2022-жылы май айында Чүй облустук милициясы кармап, буйрутма киши өлтүрүүгө катышкан деген кине койгон. Мурсалым Өмүрзаков менен кошо дагы үч адам колго түшкөн.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) анын кылмыш чөйрөсүндө “мыйзамдагы ууру” статусу бар экенин билдирген.

2010-жылы Мурсалым Өмүрзаков талап-тоноо, каракчылык фактысы боюнча Бишкектин Ленин райондук сотунда соттолгон. 2012-жылдын декабрында мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган. (BTo)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык автоунаалар берилдиӨзбекстан Орусиядан миграциялык рейд учурунда өзбек жарандарынын укуктарын бузбоону талап кылдыАзиянын бир катар өлкөлөрүндө Нипах вирусуна байланыштуу санитардык көзөмөл күчөтүлдү"Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысы Киевдеги чабуулда кичинекей кызды куткардыТИМ АКШда курал иши боюнча соттолгон кыргызстандык тууралуу комментарий бердиАмангелдиев: Украина-Орусия маселесинде Кыргызстан бейтарап саясат жүргүзөт Адам сатууну жана зомбулукту алдын алуу үчүн түз байланыш номуру иштеп баштадыИИМ: Үч жылда Кыргызстанда видеокамералар аркылуу издөөдө жүргөн 3 миңдей киши табылды