Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, жемкорлуктан түшкөн акча толугу менен президенттин турукташтыруу фондунун атайын эсебине которулуп, мамлекет башчынын буйругу менен ар кандай долбоорлорго, инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалып жатат.
Бул тууралуу 29-январда атайын кызматтын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган жыйында айтылып, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев да катышты. Жыйында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктоо жана алдын алуу боюнча тапшырмалар берилген.
2020-жылы Октябрь окуясынан кийин келген бийлик өлкөдө жемкорлукка жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүргүзүп жатканын жарыялап, андан бери бир катар азыркы жана мурдагы чиновниктер кармалган. Алардын арасында келтирилген чыгымды бюджетке төлөп, эркиндикке чыккандар да көп.
Эл аралык Transparency International (TI) уюмунун 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексине ылайык, Кыргызстан жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашган. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган болчу. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.
Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт. (BTo)