АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинден Киевди жана башка украин шаарларын бир апта ичинде аткылабай турууга чакырганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, Путин буга макул болду.
"Катуу сууктан улам мен президент Путинден Киевди жана башка украин шаарларын аткылабай туруусун өтүндүм. Бул жөн эле суук эмес, чектен ашкан төмөн температура. Алар мындай суукту эч качан башынан өткөргөн эмес. Мен жеке өзүм президент Путинден бир апта ичинде Киевге жана башка украин шаарларына чабуул жасабай туруусун сурандым. Ал буга макулдугун билдирди, сиздерге айтып коюшум керек, бул аябай жагымдуу болду", – деп маалымдады Трамп Ак үйдөгү Министрлер кабинетинин жыйынында.
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ лидеринин билдирүүсүн кубаттады.
"Бул кыштын суук күндөрү Киевдин жана башка шаарлардын коопсуздугун Орусиянын соккуларынан убактылуу камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү тууралуу президент Трамптын маанилүү билдирүүсү болду. Энергетика - бул жашоонун негизи, биз өмүрдү коргоого көмөктөшүп жаткан өнөктөштөрүбүздүн аракетин баалайбыз. Рахмат, президент Трамп! Бул маселени тараптар Эмираттарда талкуулашты. Макулдашуулар аткарылат деп үмүттөнөбүз. Деэскалациялык кадамдар согушту аяктоого карай чыныгы жылышка өбөлгө түзөт", — деп жазды Зеленский X социалдык тармагында.
Трамп ошондой эле орус-украин тынчтык сүйлөшүүлөрү "чоң жылышка жетишкендигин" кошумчалады. Бул тууралуу Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф да билдирди. Анын айтымында, аймактык маселелерди талкуулоо да ийгиликтүү өттү.
"Украинанын коопсуздугу жана өнүгүшүнө кепилдик берүү келишими көп жагынан аяктады", - деди Уиткофф Ак үйдөгү жыйында. Ал ошондой эле АКШ, Украина жана Орусиянын сүйлөшүүлөрдү болжолдуу бир жумадан кийин уланарын да айтты.
Бейшембинин таңында орусиялык аскер блогерлери, андан кийин Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко өз булактарына шилтеме кылып, АКШ, Украина жана Орусиянын ортосунда беш күндүк "энергетикалык жарашуу" келишими, тараптар бири-биринин энгергетикалык инфратүзүмдөрүн бутага албоо макулдашылганын билдиришти. Мурдараак мындай макулдашуу тараптардын Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрүнүн бир темасы болушу мүмкүндүгү айтылган.
Financial Times басылмасынын журналисти Кристофер Миллер болсо Киевдеги булагына шилтеме кылып, украин бийлиги Трапмтын Путинден ок атууну убактылуу токтотуу тууралуу өтүнүчүн ал жалпы жарыялаганда гана билгенин жазды. Миллердин сөзүнө караганда, украин тарап Орусиядан эч кандай белги алган эмес жана "энергетикалык жарашуу" иш жүзүндө болоруна ишене албай турат.
Кыш башталгандан бери Орусия Украинанын энергетикалык булактарын бутага алып, Киев баштаган бир катар шаарлар электр энергиясыз, жылуулуксуз калышкан.