Оштун мэри президент чечим чыгарса кызматтан кетүүгө даяр экенин айтты

Садыр Жапаров жана Жеңишбек Токторбаев. Архив.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу Ошто журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ал өзү Камчыбек Ташиевдин досу жана анын кадры экенин билдирип, Садыр Жапаров менен атайын кызматтын мурдагы төрагасы “ажырагыс достор” экенин жана акыркы окуялар тууралуу кенен маалыматы жоктугун кошумчалады. УКМКнын мурдагы жетекчиси менен байланышканын жана эгер президент чечим кабыл алса кызматтан кетүүгө даяр экенин белгиледи.

“Ден соолугу жакшы экен. Анын (ред: Камчыбек Ташиевдин) жүрөгүндө беш стент бар да. Ошонун бири жылып кетиптир. “Президенттен Германияга 10-15 күнгө барып стентти ордуна койдуруп келейин деп уруксат сурап кеткем” дейт. “Эң өкүнүчтүүсү өздүк курам менен коштошо албай калдым” деген таарынычын айтты го. Бул эми эки достун өздөрүнүн мамилеси. Менин пикиримде эми өздүк курам менен коштошууга мүмкүнчүлүк берилсе керек. Эми аны өздөрү билет да. Мага Ош шаарын оңдо дедиңер, оңдоп атабыз. Биз президенттин чечимине макулбуз. Азыр кетесиң десе мен арыз жазып кеткенге даярмын”, - деди ал.

Жеңишбек Токторбаев “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болуп шайланган. 2025-жылдын башында Ошко мэр болуп дайындалган. Ал Камчыбек Ташиевдин жакын адамдарынын бири. Ошко мэр болуп баргандан бери мыйзамсыз курулуштарды буздуруу сыяктуу иштери менен коомчулукта талкуу жараткан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынды.

Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирди. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган. (BTo)

Дагы караңыз

Мамлекеттик күзөт кызматы Камчыбек Ташиевди кайтарууну улантатЫсык-Көлдү сактоо үчүн дыйканчылыкта жалаң тамчылатып сугарууга өтүү пландалуудаКамчыбек Ташиев кызматтан алынганы күтүүсүз болгонун айттыБайсалов Жапаров–Ташиев ажырымына 75 адамдын кайрылуусу негиз болгонун айттыМинистрлик МИК салып жаткан үйдөгү мүчүлүштүктөр жоюлганын билдирдиӨкмөт Таластагы дыйкандарды төө буурчактан башка да өсүмдүк өстүрүүгө чакырдыДепутат Кыдыралиев Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча кайрылуу кылып, бийликти биримдикке чакырдыЧек ара кызматы, Күзөт кызматы УКМК карамагынан чыгарылды ИИМ кызматкерлери Бекболот Талгарбековду суракка алып кеткени кабарландыПрезидент министр Ибраевге жана агенттик директору Сабировго катуу сөгүш бергени белгилүү болду