Кыргыз бийлиги Орусияга каршы салынган санкцияларды кыйгап өтүү боюнча кыргызстандык банктар менен компанияларга коюлган дооматтарды четке кагып келет. Буга чейин Кыргызстанда жайгашкан гана ишканалар “кара тизмеге” кабылып келсе, биринчи жолу мамлекеттин деңгээлинде санкция киргизүү сунушталды. Мунун себебин билүү үчүн “Азаттык” Брюсселдеги EU SANCTIONS консультациялык компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Томаш Влостовскийге кайрылды.
- Эмне үчүн Евробиримдик бул чараларды Кыргызстанга мамлекеттик деңгээлде киргизүү маселесин карап жатат? Бул эмнени билдирет?
- Биринчи кезекте азыр биз санкциялардын 20-пакетин кабыл алуу жараянынын баштапкы баскычында экенибизди эске алуубуз керек. Еврокомиссия даярдаган бардык документтер азырынча толук ачыктала элек. Ошондуктан алардын ичинде так эмне камтылганын толук билбейбиз. Ар кандай кептер, божомолдор бар, айрымдарыбыз бул жараянга башкаларга караганда жакыныраакпыз. Кээ бир макалалар жарыяланды. Бирок жалпысынан айтканда, азырынча бардык чоо-жайын толук билбейбиз.
Бирок биз билген нерсе - Европалык жана Батыштын санкцияларынын негизги көйгөйү бул санкцияларды айланып өтүү маселеси.
Башкача айтканда, Европа менен Орусиянын ортосунда түз соода чектелди. Бирок айланып өтүп жаткан каналдар көп. Үчүнчү өлкөлөрдөгү компаниялар жана мекемелер аркылуу Орусияга киргизүүгө тыюу салынган товарлар, акча агымдары айланууда. Же болбосо Орусиядан алынбасын деген товарларды үчүнчү өлкөлөр аркылуу сатып алып жатабыз.
Дагы караңыз Евробиримдик Кыргызстандагы эки банкка санкция салууну көздөп жататУшунун негизинде бир нече ай мурда Евробиримдик санкциялык программасына жаңы жобо киргизди. Ал жободо мындай деп айтылат: эгерде айрым өтө артыкчылык берилген товарлар, башкача айтканда коргонуу өнөр жайына, аскердик тармакка тиешелүү жогорку технологиялык жабдуулар үчүнчү өлкө аркылуу Орусияга өтүп жатса жана бул туруктуу жана олуттуу коркунуч жаратса, ошондой эле Европа бул маселени ошол өлкө менен чечүүгө аракет кылып, бирок ийгиликке жетпесе, анда Европа өзүнүн ошол өлкөгө болгон экспортун чектөө укугуна ээ болот.
Башкача айтканда, эгерде Кыргызстанга санкциялар киргизилет деген маалымат ырасталса, бул эмнени билдирет? Бул азыр Европадан Кыргызстанга экспорттолуп жаткан айрым товарлар Евробиримдиктин пикири боюнча андан ары Кыргызстан аркылуу Орусияга жөнөтүлүп жатат деп эсептелген товарлар мындан ары экспорттолбой калат дегенди билдирет. Механизм мындай иштейт. Евробиримдик соода үлгүлөрүн анализдейт. Акыркы беш жылда Кыргызстанга кандай товарлар экспорттолгон? Бул экспорт көбөйдүбү же азайдыбы? Эгер экспорт кескин көбөйсө жана муну башка логикалык себеп менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбосо, демек бул товарлар Кыргызстанга барып, андан ары Орусияга кетип жатат деген жыйынтык чыгышы мүмкүн.
Ошол эле мезгилде үчүнчү өлкөнүн Орусия менен болгон соодасы кандай өзгөрдү? Эгер Европадан Кыргызстанга айрым товарлардын экспорту кескин өссө жана ошол эле товарлар Кыргызстандан Орусияга да кескин көбөйсө, анда Европанын товарлары Кыргызстан аркылуу Орусияга өтүп жатат деген тыянакка келишет.
Бул чара өлкөгө каршы эмес, белгилүү бир товарларга колдонулат. Тактап айтканда, коргонуу, аскердик же коопсуздук тармагына байланыштуу айрым товарлар.
Европалык органдар кыргыз бийлиги менен бул маселени талкуулап, алдын алууга аракет кылганын да билебиз. Бирок, сыягы, бул аракеттер ийгиликтүү болгон жок.
Томаш Влостовский
- Эмне үчүн Кыргызстанга мынчалык көңүл бурулуп жатат? Эмне себептен чейинкидей кайсы бир компанияларга эмес, бүтүндөй өлкө деңгээлинде чара көрүү каралууда?
-Менимче, мунун эң ыктымал түшүндүрмөсү бул жараянга катышкан субъектилердин саны абдан көп болгондугунда. Башкача айтканда, Европа институттары жана Еврокомиссия бул жөн гана "айрым жаман компаниялар акча табууга аракет кылган" маселе эмес, бул көптөгөн катышуучулар тартылган, кеңири уюштурулган аракет деген тыянакка келгендей.
Экинчиден, тилекке каршы, бул өлкөнүн бийлиги болуп жаткан окуялардан жакшы кабардар дегенди билдириши мүмкүн. Европалыктар бул маселени алар менен түздөн-түз талкуулап, бул каналдарды жабууга аракет кылышканына карабастан, сыягы, саясий чечим кабыл алынган болушу мүмкүн. Кыргызстан бийлиги балким «Биз муну жаппайбыз. Биздин экономика бул соодадан, бул каржылык агымдардан пайда көрүп жатат. Биз мындан акча таап жатабыз. Кандайдыр бир себептерден улам бул биздин экономика үчүн же айрым компаниялар же адамдар үчүн пайдалуу. Ошондуктан биз муну улантабыз» деген пикирдедир.
Демек, бул техникалык чара эмес. Бул саясий чечим, туурабы? Еврокомиссиянын бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө болгон чыдамы түгөнгөнүн билдирет деп ойлойм. Ошондуктан алар Кыргызстанга болгон айрым экспортту чектөөгө туура келет деген жыйынтыкка келгендей.
Бирок өтө маанилүү бир нерсени баса белгилеп кетүү керек. Бул бүтүндөй өлкөгө каршы санкция эмес. Бул өлкөгө каршы болгону менен бирок конкреттүү товарларга байланыштуу. Башкача айтканда, эгер санкция киргизилсе дагы Кыргызстанга бардык экспорт чектелбейт. Белгилүү, так аныкталган айрым товарлардын гана экспорту чектелет.
Ошол эле учурда, дагы бир нерсени түшүнүү маанилүү. Кыргызстан Евробиримдиктин Орусияга карата санкциялык контекстинде биринчи жолу аталып жаткан жок. Буга чейин да кыргыз компаниялары “кара тизмеге” киргизилген. Ошондуктан, санкцияларды айланып өтүү маселесинде Кыргызстан азыр көңүл борборунда турат деп айтууга болот.
Дагы караңыз Кыргыз банктарын "кара тизмеге" алган Евробиримдик Кыргызстанга санкция салышы ыктымал- Эгер Кыргызстан расмий түрдө санкцияларды бузууга катышкан өлкө катары белгиленсе бул экономикалык жана эл аралык аброй жагынан кандай тобокелдик жаратат?
-Кыргызстан Борбор Азияда жайгашкан, Кытай менен коңшу. Соода өнөктөштөрү башка. Демек, бул фактор кыргыз бийлигинин бул темага болгон мамилесине да таасир эткен болушу мүмкүн. Европанын каалоосуна ылайык соода өнөктөштөрдү өзгөртө аласызбы? Билбейм. Бул саясий чечим. Соода көз карашынан алганда, негизги оюнчулар коңшулар, тактап айтканда Казакстан, Кытай жана башкалар. Европа эмес экени түшүнүктүү. Ошентсе да, бул кооптуу белги. Европа бул маселеде өтө олуттуу экенин көрсөтүп жатат.
Эгер кыргыз бийлиги санкцияларды айланып өтүү боюнча кандайдыр бир чара көрбөсө, бул маселе өзүнөн өзү жоголбойт. . Тескерисинче, дагы көптөгөн кыргыз субъектилери ар кандай санкциялык программаларга киргизилиши мүмкүн. Бул санкциялык режимдин бир гана элементи экенин унутпашыбыз керек. Башка багыттар да бар. Айрым кыргыз банктары буга чейин эле айрым европалык санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген деген негизде тизмеге киргизилген.
Криптовалютага байланыштуу айрым компаниялар да Европа гана эмес, АКШда да, Британияда да санкцияларга кабылган. Бул жагынан алганда, бул экономика үчүн оң өнүгүү эмес. Ошентсе да бул бүтүндөй экономикага байланышкан маселе эмес. Бул белгилүү бир компаниялар, белгилүү бир уюшкан канал аркылуу товарларды Кыргызстанга алып келип, андан ары Орусияга жөнөтүү тууралуу сөз болуп жатат. Демек, бул бүтүндөй экономикага таасир этпейт. Бул ошол каналдарга, ошол адамдарга, ошол компанияларга таасир тийгизиши ыктымал.
Ошол эле учурда, сиз жаңы компания түзүп дагы маселени айланып өтө албайсыз. Анткени тыюу салуу бүтүндөй өлкөгө карата колдонулат. Бул чынжыр башка жакка мисалы, Казакстанга же Өзбекстанга же башка бир өлкөгө жылышы мүмкүн. Кеңири экономикалык таасири жагынан караганда, бул Кыргызстанды, тилекке каршы, шектүү багыт деп чыгарат. Ошондуктан башка инвесторлор ар кандай инвестиция же соода маселесинде өзгөчө этият болушат. Негизинен Европа жана Батыш институттары үчүн Кыргызстанга аралашуу чоң тобокелдик болуп калат.
- Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери, анын ичинде Кыргызстандын башкы дипломаты Жээнбек Кулубаев Берлинде Германиянын Тышкы иштер министрлигинде жолугушууда жүрөт. Бул сүйлөшүүлөр Брюсселдин чечимине таасир эте алабы?
- Бул процесс азыр да уланууда. Бул Евробиримдиктин акыркы чечими эмес. Биз түшүнгөндөй, Еврокомиссия Кыргызстанга карата бул чараларды сунуштаган. Бирок алар азырынча кабыл алына элек. Санкцияларды кабыл алуу үчүн бир добуштан макулдук керек. Теориялык жактан алганда, Кыргызстан “ооба, биз эмне болуп жатканын түшүндүк. Биз силердин бул маселеде олуттуу экениңерди түшүндүк. Абалды жакшыртууга убада беребиз. Биз бул каналдарды кыскартуу боюнча чара көрөбүз. Кайра кайталанбайт. Биз бул агымды токтотобуз” деп убада бере алабы? Ушундай так билдирүүлөр жасалса санкциялык чечим кабыл алынгыча чечим артка кайтарылышы мүмкүн.
Бирок убакыт өтө чектелүү. Бул аптада, балким кийинки жумада кабыл алынып калышы ыктымал. Анткени бул санкциялар Орусиянын Украинага кол салганынын төрт жылдыгына, башкача айтканда 24-февралга чейин кабыл алынышы керек.
Демек, бул процессти токтотуу үчүн саналуу күндөр калды. Андыктан кыргыз өкмөтүнөн ыкчам, так жана кескин чаралар талап кылынат. Аны ишке ашыруу мүмкүн. Бул маселе Берлиндеги жолугушууда да талкууланат деп ойлойм.
- Брюсселди ынандыруу үчүн кыргыз бийлиги азыр кандай конкреттүү кадамдарды жасашы керек? Бишкек санкцияларды айланып өтүү тобокелдиктерин чындап чечип жатканын кантип далилдей алат?
- Менимче, эки-үч негизги маселе бар. Белгилей кетсем, мен компанияларга кеңеш берген адисмин. Сиз сурап жаткан суроо мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерге тиешелүү. Ошондуктан так баа берүү бир аз кыйын. Ошентсе да, Евробиримдик эмнени көргүсү келерин түшүнүү андай деле кыйын эмес. Алар Кыргызстанда бул каналдарды жабылышын көздөйт. Башкача айтканда, үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарлар Орусияга кайра экспорттолбой тургандай чара көрүлүшү керек.
Мындан тышкары, практикалык чаралар да керек болот деп ойлойм. Азырынча конкреттүү компаниялар расмий тизмеге киргизилген жок. Бирок, албетте, бийлик бул товарларды ким алып келип жатканын жана ким Орусияга жөнөтүп жатканын так билет деп ойлойм. Демек, ошол структураларды жоюу зарыл.
Ошол эле учурда, Евробиримдик көбүнчө системага, мыйзамдык системага басым жасайт. Алар Кыргызстанда мыйзамдар жана процедуралар кабыл алынышына кызыкдар. Башкача айтканда Европадан келген товарлар Орусияга жеткирилбегендей шарт түзүлүшү керек.
Кыргызстан буга өзүнүн мыйзамдары аркылуу кантип жетет? Бул кыргыз бийлигинин чечими. Бирок негизинен сөз Орусияга мындай товарлардын кетишине бөгөт коё турган укуктук механизмди түзүү жөнүндө болуп жатат.