Ички иштер министрлиги массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелген дагы эки жаран кармалганын билдирди. Билдирүүдө "интернет булактарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына тараган маалыматтарга байланыштуу башаламандыкты уюштурууга шектелген бир нече жарандын иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" деп айтылат.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Билдирүүдө тергөө иштеринин жүрүшүндө иштин демилгечилери жана активдүү катышуучулары катары дагы эки жаран аныкталып, кармалганы айтылат.
Алар 1966-жылы туулган А.К жана 1968-жылы туулган К.А. деп көрсөтүлгөн. Жарыяланган сүрөттөрү жана аттарынын баш тамгалары мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго дал келет.
Кармалгандардын жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлгөнү кабарланды.
“Алдын ала маалыматтар боюнча алар айрым жарандарды бириктирген топ түзүп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылууларды уюштурууга жана коомчулук арасында такталбаган маалыматтарды жайылтууга аракеттенишкен», - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Буга чейин мекеме коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмил Узакбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалганын билдирген.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болушканын айтып чыгышкан.
Сөз болгон кайрылууга Аалы Карашев менен Курсан Асанов да кол койгон.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымга президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу 75 адамдан турган топтун кайрылуусу негиз болгонун билдирди.
10-февралда Жапаров Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынды.
Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирди. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.