Жаңы төрага
Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп 12-февралда Марлен Маматалиев көпчүлүк добуш менен шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында анын талапкерлигине 77 депутат макулдугун, бешөө каршы деген пикирин билдиришти.
"Болгон тажрыйбамды, жаш күчүмдү жумшап, биринчи кезекте эл үчүн, мамлекет үчүн иштеп берем деп, баарыбыз бир команда болуп ишибизди алып барабыз деп терең ишендирип кете алам. Президентибиз Садыр Нургожоевич башында туруп кандай гана реформаларды өткөрдү, ошол талаптардын алкагында мамлекетибиз чоң өнүгүүгө келди. Экономикабыз көтөрүлдү, коррупцияга каршы күрөш болду. Эл аралык дүйнөдө өзүбүздүн ордубуз пайда болду. Абийирибиз пайда болду. Ушунун баары президентибиз башында баштаган жумуштардын алкагында келип жатат. Ага Жогорку Кеңештин да салымы өтө зор. Элибиз жакында эле шайлап, үмүт артты, аманат кылып тапшырды. Ошол аманатты эч качан жерде калтырбайбыз. Биринчи кезекте элибиз үчүн иштейбиз", - деди Маматалиев алгач алган сөзүндө.
Ошону менен катар ал бүгүн парламентте айтылган бөлүп-жаруу тууралуу сөздөргө да пикирин билдирди:
"Мамлекетибиз бир. Ар кандай бөлүүгө же башка бир, ар кандай, регион болобу, меники же сеники дебей, анын бардыгына бөгөт коюп, мына, менин биринчи эле тапшырмам аппаратка - ар бир депутатка бирдей мамиле кылуу. Бардык 90 депутат баарыбыз бирдейбиз. Бирбиз. Бир командабыз. Бир жумушту алып барабыз деп ойлойм. Эч кандай бөлүнүү жок. Албетте, парламенттин ишмердүүлүгүн дагы да жакшыртабыз. Мына, Нурлан байкебиз (ред: - Тургунбек уулу) канчалаган жакшы иштерди кылды", - деди жаңы төрага.
Марлен Маматалиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана парламент депутаттары. 2026-жылдын 12-февралы.
Жогорку Кеңештин “Адилет Кыргызстан”, “Ала-Тоо”, “Элдик”, “Ата-Журт” жана “Мекенчил” депутаттык топтору парламенттин спикерлигине депутат Марлен Маматалиевдин гана талапкерлигин көрсөтүшкөн.
Жогорку Кеңештин бардык комитеттеринин биргелешкен жыйынында анын талапкерлиги жактырылып, жалпы отурумга чыгарылган.
Марлен Маматалиев 44 жашта. Ал Бишкек шаарында 1981-жылы 24-мартта туулган. Баштапкы жогорку билимин 1998-2002-жылдары Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетинде «Автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги боюнча бакалавр даражасын алып окуган, 2002-2003-жылдары «Техникалык системалардагы автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги боюнча магистратураны аяктаган.
Эмгек жолун 2003-2006-жылдары Социалдык фонддон баштаган, адис, бөлүм башчы, башкармалык башчысы болгон. 2006-2012-жылдары Финансы министрлигинде, Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде, өкмөттүк жана парламенттик аппараттарда башкармалык жана бөлүм башчылык, кеңешчилик кызматтарды аркалаган.
2013-2016-жылдары «СУ-12» ЖАК башкармалыктын төрагасы, 2016-2018-жылдары«Аллор Строй Сервис» ЖАК башкы директору, «Азия молл» соода борборунун башкы директору болуп иштеген.
Жогорку Кеңештин 2018-жылдан берки чакырылыштарынын депутаты.
2018-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Республика - Ата Журт” партиясынан депутат болгон. 2020-жылкы чуулгандуу парламенттик шайлоого бийликчил “Мекеним Кыргызстан” партиясынан катышкан. 2021-жылдагы шайлоодо “Ынтымак” партиясын Жогорку Кеңешке баштап барып, мандатка ээ болгон.
Былтыр 30-ноябрда өткөн мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен түзүлгөн азыркы VIII чакырылышка №23 көп мандаттуу округдан шайланып келген. Ага добуштардын 17,00% тийгенин Боршайком расмий жарыялаган.
Ал мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу.
Нурланбек Тургунбек уулунун билдирүүсү
Бүгүн 12-февралда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда төрага Нурланбек Тургунбек уулу борбордук трибунадан сөз алып, кызматын өз эрки менен тапшырып жатканын жарыялады.
Нурланбек Тургунбек уулу
"Бул менин жеке чечимим. Мага эч ким басым, кысым көрсөткөн жок, ага жол да бербеймин. Бизде стабилдүүлүк болушу керек. Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич баштаган саясий реформалар толук аягына чыгышы керек. Саясий туруктуулук болушу керек. Мына ушул максатты көздөп, мамлекетчилдик сезим менен ушундай чечимди кабыл алып отурам. Мен азырынча эч жакка кетпейм, эч жакка барбайм, ушул жерде сиздердин араңыздарда катардагы депутат болуп, өлкөнүн келечегине кызмат кылууга даярмын", - деди Нурланбек Тургунбек уулу.
Негизи Тургунбек уулунун төрагалыктан кетиши тууралуу 10-февралда Камчыбек Ташиевдин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) кызматынан алынганы белгилүү болгон соң айтыла баштаган. Ал учурда төрага иш сапар менен Түркияда жүргөн эле. Бир катар маалымат каражаттары спикердин отставкасы тууралуу жазып чыгып, парламенттин маалымат кызматы аны четке каккан. Бирок 12-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ал кызматтан кетерин жарыялады. Мындай чечимин Турнунбек уулу өлкөдөгү саясий туруктуулукту камсыздоо максатында кабыл алганын билдирди.
Парламент төрагасынын отставкасы, ошентип, өлкөдө саясий кырдаал кызып, Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан кеткен учурга туш келди.
10-февралда президент Садыр Жапаров Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.
Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда Жапаровдун аны кызматтан алуу чечими күтүүсүз болгонун билдирди.
Бул жагдайды бир катар саясат талдоочулар 2020-жылдагы Октябрь окуясынан соң бийликке келген Жапаров-Ташиев тандеминин урашы катары сыпаттап жатышат.
Дагы караңыз Кыргыз саясатындагы тандем таржымалыТургунбек уулунун отставкасы эмне үчүн маанилүү?
Бүгүн кызматын тапшырган Тургунбек уулу УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы, саясаттагы үзөңгүлөшү катары белгилүү. Ал былтыр парламенттик шайлоодо № 15 округдан депутат болуп шайланып келип, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын төрагасы болгон. Ага чейинки VII чакырылышка Аксы шайлоо округунан шайланып келип, 2022-жылы 5-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.
2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин бийликтен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, кеңешчиси болуп иштеген. 2010-жылдын декабрында маданият жана маалымат министри болуп дайындалып, бул кызматта бир жыл эмгектенген. Мындан тышкары бир нече гезит, телеканалдарды жетектеген.
Парламент төрагасынын отставка тууралуу билдирүүсүнөн соң айрым депутаттар сөз алып, пикирин айтышты.
Депутат Камила Талиева Тургунбек уулу төрага катары бардыгына тегиз мамиле кылганын, эч бөлүп-жарбагынын белгилеп, "эки күндөн бери эл түпөйүл ойдун тегерегинде абдан кыжалат болуп жатканын", "эки досту ушакчылар уруштурганын" билдирди:
Камила Талиева
"Президенттин жанындагы вице-премьер-министр кечээ чыгып алып айтып жатат, Камчыбек Кыдыршаевичтин кылган ишин жөн эле жокко чыгарып жатат. Камчыбек Кыдыршаевичтей болуп ошол вице-премьер элге иш кылсынчы. Соцтармактын бир маселесин түшүнбөй туруп... Жөн эле блогер. Жүгүрүп чыгып, чакырык жасап жатат кимдир бирөө элди бөлүп-жарып салгандай. Кана элдин бөлүнгөнү? Эл бөлүнүп-жарылган жок. Элди бөлүп-жарган, мобу саясатты кылган ушул бийликтегилер болуп жатат. Ошол вице-премьер элди бөлүп-жарып, чакырып жасап жатат".
Талиева ошону менен катар Жогорку Кеңештин депутаттарын Жапаров менен Ташиевди ымалага келтирүү үчүн кайрылуу жасоого үндөдү:
"Эл эркелетип "эки дос" деп айтып коет жакшы маанисинде. Эки достун ынтымагын бузгандар болду. Кана, кимиң Камчыбек Кыдыршаевичтей чек араны чечүүдө... Мен ошол вице-премьерлерге айтар элем, кыйын экенсиң, социалдык маселени биринчи орунга коюп койбойсуңбу президентке, элге күйөт экенсиң... Парламент чоң аянтча. Президент менен Камчыбек Кыдыршаевичти ынтымакка, ымалага келтире турган ушул жербиз. Келгиле, бир кайрылуу кылалы, токтотолу!"
Бир күн мурун Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жапаровдун Ташиевди кызматтан алуу чечими боюнча пикирин билдирген.
Анда Байсалов Садыр Жапаров акыркы беш жылда мамлекеттик маанидеги бир да маанилүү чечимди Камчыбек Ташиев менен кеңешпей туруп кабыл албаганын жазган. Эдил Байсалов Кыргызстандын бул аралыктагы саясий тарыхы көпчүлүк үчүн күтүүсүз аяктаганын, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымга президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу 75 адамдан турган топтун кайрылуусу негиз болгонун белгилеген.
Эдил Байсалов
“Алар көп жылдар бою туруктуулукту камсыз кылып келген тең салмактуулукту бузуп башташты. Натыйжада түшүнүксүз жагдайлар пайда болду. Коомдо кош бийлик, мөөнөтүнөн мурда шайлоо зарылдыгы жана азыркы бийлик мыйзамсыз отурганы тууралуу пикир жарала баштады. Дал ушул чагымчылдар жана алардын амбициялары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымды пайда кылып, бул коомду жана мамлекетти бөлүп-жаруу коркунучун туудурду”, - деп жазган Байсалов.
Эдил Байсалов акыркы жылдары мамлекеттик башкарууда тең салмактуулук жоголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин айрым кызматкерлери өлкөдө тартип орнотуу шылтоосу менен ыйгарым укуктарынан аша чаап, коомчулукта коркуу сезимин жаратып койгонун кошумчалаган. Бул жарандык коомдун, бизнес өкүлдөрүнүн жана жаштардын сынына кабылганын айткан.
Дагы караңыз "Ташиев операциясы". УКМКны өзгөрткөн чечимПрезиденттик шайлоонун мөөнөтүнөн улам талкуу
Кыргызстандагы соңку саясий окуялардын кызышы мурдагы маанилүү кызматтарды ээлеген 70тен ашык адамдын президент жана парламент жетекчилигине кайрылуусу менен башталды. Анда эң башкысы өлкөдө туруктуулук орногону, коңшулар менен чек ара маселеси чечилип, уюшкан кылмыштуу топтор түп-тамыры менен жок болгону белгиленген.
Ал эми өлкөнүн мындан ары өнүгүшүнө мамлекеттик карыздын өсүшү, кымбатчылык жана жумушсуздук кедергисин тийгизип жатканы, Кыргызстанды өнүктүрүүгө жаңы стимул керек экени айтылган.
Кайрылууда алар соңку учурда президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча эки ача пикир бар экенине көңүл буруп, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган.
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан.
Бул кайрылууга президент түздөн-түз жооп берген жок. Бирок Садыр Жапаров Конституциялык сотко кайрылып, шайлоонун мөөнөтү боюнча Баш мыйзамдын жоболорун чечмелөөнү суранды. Бул маселени Конституциялык сот 17-февралда караганы жатат.
Ал тапта коомчулукта "75чилердин кайрылуусу" деп аталган кайрылуу боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш ишин козгоду. Бул иштин алкагында мурдагы вице-премьерлер Бекболот Талгарбеков, Аалы Карашев, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаев, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармады. Аталган адамдар кайрылууга кол коюшкан эле.
Жапаровдун чечими, Ташиевдин билдирүүсү
Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди кызматынан 10-февралда алды. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул тууралуу:
“Президент Садыр Нургожоевич бул чечими боюнча кыскача эле: “Эң биринчи кезекте мамлекетибиздин кызыкчылыгында, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым” деди”, - деп билдирген.
Дагы караңыз Алагөзов президенттин Ташиев боюнча буга чейинки комментарийине тактоо киргиздиОшол эле күнү Алагөзов “Кеп, Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, коомдук ишмер, интеллингенция өкүлдөрүнө чейин телефон чалышып, “Генерал жакка өткүлө, буга кол койгула, мындай кылалы, тигиндей кылалы” деп ар кимди ар кыл аракеттерге шыкактап, бул аракеттери менен коомчулук ичинде, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылардын арасында начар жагдайдын жаралышын шарттаган Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев өңдүүлөр жөнүндө сөз болууда”, - деп жазган.
Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча президент Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун 11-февралда билдирген. Ташиевдин билдирүүсүн ага жакын журналист Нургазы Анаркулов Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.
“Мен ооруп калып, президенттин уруксаты менен Германияга келгем, себеби мурдагы операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок, кечээ мени жумуштан алышыптыр, мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли журтубуз, президентибиздин алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгиликтерди каалаймын! Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуш үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!”, - деген Камчыбек Ташиев.