Президент баңгизат кылмышы үчүн кармалгандардын жакындарын кабыл алды

Жапаровдун баңгизат кылмышы үчүн кармалгандардын жакындары менен жолугушуусу. 2026-жылдын 13-февралы.

Президент Садыр Жапаров баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кармалгандардын арасынан биринчи жолу кылмыш жасагандарга мыйзамдуу негиздер болсо ырайым кылуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдирди.

Мамлекет башчы бул тууралуу 13-февралда мындай кылмыштар үчүн кармалгандардын жакындары менен жолугушууда айтып, бул үчүн шектүүлөрдүн туугандары расмий өтүнүч менен кайрылышы керектигин, ал белгиленген тартипте караларын кошумчалады.

Баңгизат кылмышы үчүн кармалгандардын, сот жообуна тартылгандардын жакындары камактагылардын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн кароону, ошондой эле соттолгондор үчүн жазаны жеңилдетүүнү өтүнүштү. Мындан тышкары, мыйзамдарды жумшартып, өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенин айтышты.

Садыр Жапаров жарандардын тагдырына тиешелүү маселеге көңүл буруларын, ошол эле кезде баңгизаттарды жайылтуу менен байланышкан кылмыштар калктын саламаттыгына, коомдук коопсуздукка жана өлкөнүн келечегине коркунуч экенин белгиледи.

Кармалгандардын жакындары шектүүлөрдүн көбү жаштар, арасында улуу курактагы адамдар да бар экенин, басымдуусу мурда-кийин укук бузуп соттолбогонун айтышты.

Садыр Жапаров Президенттин администрациясынын тиешелүү башкармалыктарына баңгизаттарга каршы күрөшүү жаатындагы колдонуудагы мыйзамдарды талдап чыгуу тапшырмасын берди.

Өлкөдө маңзат даярдоо, сатуу, жеткирүү оор кылмыштардын катарына кирет, ал үчүн 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы каралган. (BTo)

Дагы караңыз

Орус армиясынын соккусу Краматорскиде үч бир туугандын өмүрүн алдыМелания Трамптын жардамы менен Орусиядан украиналык беш бала мекенине кайтарылдыПрезиденттин ЖКдагы өкүлү Абытов кызматтан кетип, ордуна Зулпиев келдиПрезидент Жапаров тажик өкмөт башчысы менен эки тараптуу кызматташтыкты талкууладыЖурналист Мамыркулова бир берене менен акталып, дагы бири боюнча күнөөлүү деп табылдыЭки жылда тоо кен тармагына берилген 320 лицензия жокко чыгарылдыСадыр Жапаров Тургунбек уулунун отставкасы боюнча комментарий бердиПрезидент Жапаров Ташиевди кызматтан аларда өзүнө телефон чалганын айтты