"Ынтымак Ордо" эки өлкөнүн өкмөт башчылары адегенде өзүнчө, андан соң делегациялардын кеңири курамында жолугушканын билдирди.
"Чек ара маселелерин чечүү – Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы достук жана коңшулук мамилелерди өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзгөн тарыхый окуя. Тажикстан Республикасы менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын өзгөчө белгилегим келет. 2025-жылы өлкөлөрүбүздүн күч-аракеттери соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты калыбына келтирүүгө жана активдештирүүгө, чек ара аймактарынын калкынын социалдык-экономикалык жашоо шарттарын жакшыртууга, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча кыргыз-тажик байланыштарын мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган", - деди Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.
Дагы караңыз Тажикстан премьер-министри Бишкекке иш сапар менен келдиТажикстан менен соода алака чек ара такталып, эки тараптуу келишимдер күчүнө киргенден кийин кескин жанданды. Расмий статистикага таянсак, 2025-жылдын январь-ноябрь айларындагы өз ара соода жүгүртүү 36 млн доллардан ашып, мурунку ушул мезгилден 24 эсе өстү. 2021 жана 2022-жылдардагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуулардан кийин эки өлкөнүн алакасы кескин муздап кеткен. Андан бери эки тараптуу экономикалык алаканын көлөмү 1,5-2 млн долларга чейинки минимумга түшүп кеткен болчу.
Былтыркы соода жүгүртүүнүн 73% кыргыз экспорту, 27% импорт түздү. Кыргызстан коңшусуна негизинен шоколад, кондитердик жана макарондук азыктарды, ошондой эле көмүр экспорттогон. Тажикстандан кургатылган жемиш, жүзүм, өрүк, пахта, килем жана алюминийден жасалган товарларды импорттогон.
Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода эки өлкөнүн кызматташтыгында мүмкүнчүлүктөр кеңири экенин айтты. Ал чек ара такталып, 300 чакырымдай тилкенин демаркацияланышы эки өлкөнүн өз ара ишеним менен эң татаал маселелерди да конструктивдүү чечүүгө жөндөмдүү экенин айгинелей алганын белгиледи:
"Биз өзүнчө отуруп ачык пикир алыштык жана экономикалык мүмкүнчүлүгүбүздү толук ачуу мезгили келгенин бир пикирден билдирдик. 2025-жылы соода жүгүртүү таасирдүү өсүүнү көрсөтүп, 171% жетти же 33 млн доллардан ашты. Бирок 2013-жылы бул сандар дээрлик 185 млн долларга жеткенин эске алганда алдыбызда дагы өтө чоң иштер турганын түшүнөбүз. Мамлекет башчыларыбыз алдыбызга так максаттарды коюп, соода жүгүртүүнү жакынкы жылдары 500 млн долларга жеткирүүнү тапшырышкан. Мындай өсүүнүн маанилүү драйвери өндүрүштүк кызматташтык болот деп эсептейбиз. Бул тармакта жөнөкөй соода операцияларынан терең өнөр жай чынжырчаларын түзүүгө өтүүнү сунуштайбыз”.
Мунун алдында кыргыз тарап эки тараптуу соода жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча конкреттүү чаралар, этаптар жана жооптуу аткаруучуларды камтыган “жол картасын” иштеп чыгууну жана аны кабыл алуу сунуштаган. Мындан тышкары, продукцияны илгерилетүүнүн, ишкерлер ортосунда түз байланыш түзүүнүн жана туруктуу өткөрүү каналдарын түзүүнүн натыйжалуу механизми катары Кыргызстандын Тажикстандагы жана Тажикстандын Кыргызстандагы соода үйлөрүн ачуу демилгеленди.
Касымалиев эт-сүт, тигүү-текстиль, көмүр, айнек продукцияларын жана кумшекерди жеткирүүгө даярдыгын билдирди. Муну менен катар жеңил жана текстилдик өнөр жайда, фармацевтикада кызматташтыктын кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.
Расулзода Тажикстан пахта буласынын олуттуу чийки зат базасына ээлик кыларын айтып, кыргыз бизнесине даяр текстилдик продукция чыгаруу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүнү сунуштады. Айтымында, учурда Тажикстанда өндүрүлгөн пахтанын 30% гана өлкө ичинде иштетилип, калган 70% экспорттолот. Мындан улам, ошол 70% ресурсту да кыргыз ишкерлери менен бирге кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.
“Сиздердин маркетинг жана тигүү тармагындагы тажрыйбаңыздарды биздин ресурстар менен бириктирсек, үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна “Борбор Азияда жасалган” деген атаандаштуу бренд менен чыксак болот”, - деди Расулзода.
Кыргыз өкмөтүнүн башчысы логистикалык байланыштарды өнүктүрүүдө чек аралык инфратүзүмдү жакшыртууга жана көзөмөл-өткөрмө пункттардын натыйжалуулугун арттырууга басым жасоо зарылдыгын айтты. Мында көзөмөл-өткөрмө пункттарын модернизациялоо, алардын өткөрүү жөндөмүн кеңейтүү, коштомо логистикалык жана жүк терминалдарын өнүктүрүү, ошондой эле бажы жана чек ара башкаруусунда заманбап санарип чечимдерди жайылтууну белгиледи. Кыргызстан тажик товарлары үчүн ЕАЭБ жана ВСП+ аркылуу Евробиримдик рынокторуна соода дарбазасы болуп берүүгө даярдыгын билдирди.
"Кыргызстан ири стратегиялык маанидеги инфратүзүмдүк Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашырып жатат. Бул өлкөбүздүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн бир кыйла арттырат жана Евразия мейкиндигиндеги маанилүү логистикалык түйүн катары ролун бекемдейт. Бул транспорттук коридор Тажикстан үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кыргызстандын өнүккөн жол тармактарынын жана Кытай менен чек арасындагы “Эркештам”, “Торугарт” жана “Бедел” өткөрмө пункттарынын жардамы менен тажик товарларынын Кытай рынокторуна чыгышына жагымдуу шарттар бар. Ошондой эле Кытай товарларын Тажикстанга импорттоодо да өзүнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн сунуштайт", - деп сүйлөдү Касымалиев.
Дагы караңыз Президент Жапаров тажик өкмөт башчысы менен эки тараптуу кызматташтыкты талкууладыТажик делегациясы Дүйшөмбү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун колдой турганын белгилеп, Тажикстан темир жолдорунун түндүк тилкесин бул маршруттун логикалык уландысы катары кароону сунуштады.
Тажикстан чек аралаш аймактарда биргелешкен дүң-таркатуучу борборлорду жана кайра иштетүүчү ишканаларды түзүүгө кызыкдар экени, бул жер-жемиштердин консерваланган жана кургатылган продукциясын ЕАЭБ жана Кытай рыногуна экспорттоону жолго салары белгиленди.
Бишкектин расмий эсебине ылайык, 2025-жылы Кыргызстанга 86 миң тажик туристи келген жана мурунку жылга салыштырмалуу бул 12 эсе өскөн. Алаканы бекемдөө үчүн Бишкек-Дүйшөмбү авиакаттамы кайра жанданган.
Касымалиев кыргыз-тажик биргелешкен туристтик долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн Борбор Азия мамлекеттерине бирдиктүү визаны жайылтууга кызыкдардыгын билдирди. Чөлкөмдүн тоолуу райондору альпинисттик жана экологиялык турлар сыяктуу биргелешкен туристтик долбоорлорду уюштуруу үчүн уникалдуу табигый ландшафттарга, бай каттамдарга жана жагымдуу шарттарга ээ.
Кохир Расулзода Тажикстандын “Корхони Кимиёви” ишканасы Кыргызстандын тоо кен жана курулуш тармактарын өндүрүштүк жардыргыч заттар менен камсыз кыла аларын билдирди. Муну менен катар Тажикстандын баштапкы алюминий продукциясын чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү, “Сугд” эркин экономикалык аймагында алюминий профилдерин жана конструкцияларды чыгаруу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү сунушталды.
Кыргызстандын масштабдуу гидроэнергетикалык курулуштарын жогорку сапаттуу цемент менен камсыздоо, гипсокартон, жылуулоочу жана айнек жасалгаларын чыгарган биргелешкен ишканаларды түзүү демилгеленди.
Жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев эки өлкөнүн жарандары чек ара соодасынан жакшы баар табышарын айтты:
"Кыргызстан менен Тажикстандын экономикасы бири-бирине окшош. Биздин кургатылган жемиштердин, башкача айтканда, Баткенде, Лейлекте өскөн өрүктүн дээрлик 80% алар сатып алып кетип, тажик бренди катары Орусияга чыгарышат. Мындан тышкары, алар Кыргызстандан көмүр, мунай продуктуларын сатып алат. Бизге эң кызыктуу жери – помидор, бадыраң сыяктуу жашылча-жемиштер ал жакта бир ай эрте бышат. Биз, кыргыздар, ошону сатып алып, Орусиянын Новосибирск, Омск, Томск аймактарына алып барабыз. Эрте жазда биз алардын продукциясын сатканга көмөктөшөбүз. Тажиктер Кыргызстандан абдан көз каранды болчу. Карамык өткөөлүнөн өтүп, Эркештам аркылуу Кытайга кирип жүк алып кетчү. Мамилебиз начарлаганда биздикилер ал өткөөлдү жаап салышкан. Ошону менен алардын бул багыттагы соодасы такыр соолуду. Алар Кытай менен биргелешип Тоолуу Бадакшан жактагы өткөөлүн оңдоп-жасашты. Бирок ал жак чылкый тоо болгондуктан жайында гана иштейт, кышында ашуулары жабылып калат. Алар бизге көбүнчө реэкспорт үчүн кызыкдар. Тажиктер кыргыздын жолуна аябай муктаж. Себеби Кытайдан, Орусиядан алган жүктөрүн биз аркылуу алып өтүшөт".
Жыйындын соңунда өкмөт аралык кеңештин биринчи отурумунун протоколуна, ошондой эле Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы "Кыргыз экспорт" борбору менен Тажикстандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду.
Иш сапардын алкагында тажик өкмөт башчысы кыргыз президенти Садыр Жапаров менен да жолугушту.