Мамытов, Алтынбеков, Карабекова мандат алат. 13-округдагы "жаңы жагдай"

Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова

13-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 13-округдагы жыйынтыкты өзгөртүп, үч талапкерди - Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекованы жеңүүчү деп тапты. Бул округда 1-мартка кайра шайлоо белгиленип, 25 талапкер үгүт иштерин баштаган эле.

Кайра кароого негиз "жаңы жагдайлар"

13-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу 13-округ боюнча үч талапкердин арызы каралганын билдирди. Ага ылайык, бул округда былтыр 30-ноябрда өткөн добуш берүүнү өттү деп таануу өтүнүчү жазылган. Арыз жазган талапкерлер Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова шайлоону жокко чыгарууга негиз болгон кылмыш ишине алардын тиешеси жок болгонун, бул боюнча укук коргоо органдарынын жыйынтыгы да бар экенин жүйө келтиришкен.

Отурумда Ички иштер министрлигинин Тергөө бөлүмүнүн башчысы Аллаберди Мавлянов кылмыш иши боюнча маалымат берип, тергөөдө добушканаларга телефондорду орнотууда талапкер Бакыт Сыдыковдун тарапташтарынын мыйзамсыз аракети тастыкталганын белгиледи. Бул боюнча эки жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренеси (“Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган.

Дагы караңыз "35 тилкеге камера коюлган". 13-округдагы шайлоо жыйынтыгы жокко чыкты

"Текшерүүнүн жүрүшүндө талапкер Бактыбек Сыдыковдун өкүлдөрү тарабынан 2025-жылдын 29-ноябрында Кочкор-Ата районундагы "Бакыт" ресторанында уюлдук телефондор, штативдер, кубаттагычтар аркылуу шайлоочулардын идентификациялык каттоодон өтүүсү жана байкоо жүргүзүү үчүн видеого тартуу максатында берилгендиги аныкталган. Аталган жабдыктарды кантип колдонуу боюнча да үйрөтүү иштери жүргөн", - деди Мавлянов.


Ал ошондой эле бул округдан шайлоого катышкан калган 13 талапкерге эч кандай кылмыш иши козголбогонун тактады.

Дагы караңыз Жогорку Кеңеш: Марлен Маматалиев кантип спикер болду?

Узакка созулган тергөө иши

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоо мыйзамдарында кылмыш ишин териштирүүнүн жана башка процесстердин мөөнөтү каралганын эске салып, кайра шайлоо дайындоого укук коргоо органдарынын маалыматы кечиккени себеп болгонун айтты.

"3-декабрда чечим чыгарылып, сиздерге берилген. Сиздердин берген маалымат боюнча "ушундай болду, мындай болду" деп айыбын угузуп жатасыздар. Эгерде сиздер мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө тиешелүү иш-чараларды өткөрүп бүтүп, чечим кабыл алып бергениңиздерде мүмкүн кайра шайлоо дайындалбай калат эле. Ал боюнча 30-декабрда чечим чыкты. Ошондой болсо мүмкүн мынчалык чыгым болбой, мамлекеттик мекемелер убарагерчилик тартпайт эле", - деди Бекматов.

Мавлянов тергөө амалдарын жүргүзүүдө ар кандай жагдай жараларын белгилеп, кароонун мөөнөтү созулуп кеткенин билдирди.

Отурумга талапкер Талант Мамытов да катышып, шайлоодо мыйзам бузууга барбаганын, бул өнөктүктөгү адилеттүүлүккө ишенгенин билдирди.

“Ошол маалда тергөө органдары күнөөлүү адамдарды аныктап бере алган эмес. Биз бүгүнкүгө чейин күттүк. Ал учурда кылмыш иши жок эле, азыр укук коргоо органдары так маалымат берип жатат. Баш мыйзамда бир адамдын күнөөсү үчүн башкалар жооп бербеши керек”, - деди Мамытов.

БШКнын мүчөсү Кабылбек Мамбетаипов бул маселеде тергөөнүн жыйынтыгы чыккан болсо, талапкерлер сотко кайрылуусун сунуш кылды. Соттун чечиминин негизинде Боршайком өз корутундусун өзгөртүүсү туура болорун белгиледи.

Азыр үгүт жүргүзгөн талапкерлер эмне болот?

БШК 13-округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын былтыр 3-декабрда жокко чыгарган. Анын негизинде 30-декабрда президент Садыр Жапаров бул округда кайрадан шайлоо өткөрүүнү дайындаган.

25 талапкер каттоодон өтүп, 9-февралда үгүт иштерин баштаган. 1-мартка шайлоо белгиленген.

БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов отурумда эми бул талапкерлердин кетирген чыгымы кантип кайтарыларына кызыкты.

"Биз шайлоо күрөөлөрүн кайтарабыз. Чыгымдар боюнча ойлор бар. Ал отурумдун алкагында айтылбайт", - деп жооп берди БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров.

Боршайкомдун мындай чечими тууралуу ушул тапта үгүт жүргүзүп жүргөн талапкерлер азырынча үн ката элек.

Дагы караңыз "Ташиев операциясы". УКМКны өзгөрткөн чечим

Бакыт Сыдыковго чара көрүлөбү?

БШК №13 округ боюнча жыйынтыкты жокко чыгарганы менен буга кайсы бир талапкерди айыптабай, "добуш берүүнүн купуялуулугу боюнча" талап бузулду деген негизди карманган. Ошол кезде башка талапкерлер шайлоо тилкелерине орнотулган уюлдук телефондор Бактыбек Сыдыковдун өкүлдөрүнө тиешелүү болгонун айтып чыгышкан.

БШК мындай аракетке жол бергени үчүн , Ноокен жана Майлуу-Суу аймактык комиссияларындагы 35 шайлоо тилкесинин төрагаларын кызматтан алган.

Сыдыков шайлоо жокко чыккандан кийин 4-декабрда кайрылуу жасап, “жеңиштен четтетилгенине” атаандаштарын айыптаган.

"Мен да элиме, мамлекетиме кызматымды улантуу үчүн бул жарышка катыштым. Күрөш таза жана калыс болду. 19 миңден ашуун добуш алып, жалпы өлкөдө эң көп добушка ээ болгон талапкерлердин арасынан үчүнчү орунга чыгып, жеңишке жеттим. Бирок тилекке каршы, айрым атаандаштарым ар кандай ыплас ыкмалар менен каралоолорду жаадырып, БШК аркылуу мени жеңиштен четтетишти. Кыргызда "кыңыр иш кырк жылда билинет" деп айтылат. Мен чындык сөзсүз айтылат деп ишенем, ким эмне үчүн, кандай максатта мындай иштерге барганын ачыкталган күн келет", - деп жазган Сыдыков.

Дагы караңыз №13 округ: Добушканаларга коюлган телефондор, талапкерлер сотко кайрылат

13-февралдагы отурумда ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Мавлянов тергөө ишинин алкагында талапкер Сыдыковдун өзүнө да чара көрүлүшү мүмкүн экенин четке каккан жок.

Үч жеңүүчүнүн бейнеси

Жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо Бактыбек Сыдыков 17 миң 397 добуш менен алдыга чыккан. Экинчи орунду 13 миң 477 добуш менен мурдагы депутат Айбек Алтынбеков алса, парламенттин мурдагы спикери Талант Мамытов 12 миң 96 добуш алып үчүнчү орунда келген. Шайлоочулардын 9 миңдей добушун алган Айгүл Карабекова гендердик квота менен алдыга чыккан.

  • Айбек Алтынбеков 47 жашта. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда туулган. Ош мамлекеттик университетинин юрист адистигин аяктаган. Өзү негиздеген “Жылдызбек” күзөт агенттигин жана башка “Золотой Орех” компанияларын жетектеген. Жергиликтүү кеңеште депутат болгон. 2015-жылы Жогорку Кенештин “Республика-Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланган. 2021-жылы Базар-Коргон бир мандаттуу округунан утуп келип, Жогорку Кеңешке шайланган.
  • Талант Мамытов 50 жашта. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. 1993-жылы Кыргыз улуттук мамлекеттик университетинин юридика адистигин бүтүргөн. 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон. 2015-жылы Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына “Республика-Ата Журт” партиясы менен шайланган. 2020-жылы 4-ноябрынан 2021-жылдын декабрына чейин Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Буга удаа эле 2020-жылдын 4-ноябрынан 2021-жылдын 28-декабрына чейин президентинин милдетин аткаруучу болгон.
  • Айгүл Карабекова 47 жашта. Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктаган. Жеке ишкер.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштап, ушул тапта парламентте 87 депутат бар.