УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кетти

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти. Бул тууралуу 17-февралда “Регион” телеканалынын башчысы, Камчыбек Ташиевге жакын журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жазып, видео жарыялады.

Бирок ден соолугуна байланыштуубу же эмне себеп болгонун тактаган жок.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалды.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келген. Анын тарапташтары акыркы саясий окуялар тууралуу Камчыбек Ташиев Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрөрүн билдиришкен.

Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берип, Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, УКМКнын мурдагы төрагасы мамлекеттик кызматка барбай турганын айтты.

Акыркы саясий жүрүштөрдүн фонунда Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырып, анын ордуна Марлен Маматалиев шайланды. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте милиция кызматкерлери кылмышты жашырууга шектелип кармалыштыБишкек мэриясы: Профсоюз көчөсү көрүстөн аркылуу салынса 1364 сөөк көчүрүлмөк“Баткен таңы” гезитинин редакциясына таандык имарат мамлекетке кайтарылдыНавальныйды эскерүү акциясында апасы бийликтен адилеттүүлүктү талап кылдыКонституциялык сот президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча маселени карай баштады"Кыргыз туусу" маалымат-басма үйүнүн" жетекчилигине Галина Байтерек дайындалдыУкраина орусиялык айрым спортчуларга жана аткаминерлерге санкция салды