Ирандын мунай экспортунун 80% Кытайга багытталган. Axios басылмасынын баяндамасында америкалык аткаминерлерге шилтеме менен айтылгандай, АКШнын президенти Дональд Трамп жана Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху Вашингтон ирандык мунайдын Кытайга сатылышын чектейт деп макулдашкан.
16-февралда макала тууралуу суроого Кытайдын Тышкы иштер министрлиги “эл аралык жоболордун алкагындагы кызматташуу мыйзам ченемдүү, легитимдүү көрүнүш болуп эсептелет жана урматталууга, корголууга тийиш” деп жооп берди.
Бул талаш Батыштын кысымына туруштук берүүдө Кытай Ирандын таянычына айланганын баса белгилейт. Тегерандын ири соода өнөктөшү болгон Бээжин технологиялар жана коопсуздук жаатындагы кызматташууда барган сайын маанилүү болууда. Муну менен кара майдын Кытайга экспорту сүйлөшүүлөрдөгү ландшафтты өзгөртүү үчүн ыңгайлуу бута болуп калды.
Бирок АКШнын кысымы жана Кытайдын солгун реакциясы Бээжиндин абалы канчалык кыйын экенин көрсөтөт. АКШ регионго аскердик күчүн топтогон жана өкмөткө каршы акциялар ырайымсыз басылгандан кийин Ислам жумуриятына дипломатиялык басым күчөгөн шартта Кытай стабилдүүлүккө чакырып, ошол эле маалда Вашингтон менен түз тирешке жеткирбей, этият позицияны ээледи.
Муну менен бирге полиция кызматкерлерин даярдоо, жарандарды аңдуу технологиялары менен бөлүшүү өңдүү Кытай менен көп жылдардан берки кызматташтык Тегеранга бийликке каршы толкундоолорду басууга жардам берди.
“Мындай модель Кытайдын өзүндө колдонулуп, улам өнүктүрүлүп жатат. Иран сыяктуу өлкөлөргө авторитаризмге ыктоого үндөөнүн кереги жок болгону менен өлкө Кытайдын эффективдүү жана жөндөмдүү авторитардык таасирине кайрылышы мүмкүн”, - деген ою менен бөлүшөт британиялык Article 19 укук коргоочу уюмдун Кытай боюнча программасынын жетекчиси Майкл Кастер.
Дагы караңыз Иран менен АКШнын өкүлдөрү Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү башташтыСценарийдин экспорту
Акыркы жылдары Кытай-Иран мамилелеринин пайдубалын мунай түзүп калган. Тегерандын өзөктүк амбицияларын ооздуктоого багытталган АКШнын санкцияларынын кесепетин Бээжиндин мунайды арзан баада сатып алуусу жарым-жартылай жумшартып келди.
Ошол сооданын басымдуу бөлүгү бартер аркылуу ишке ашырылган. Иран кара майды арзан сатып, Кытайдан товар, технология жана инфраструктура алып турду. Мындай системанын аркасы менен Ирандын базары кытайлык өндүрүшкө толуп, ошол эле маалда өкмөт киреше таап жатты.
6-февралда Трамп кол койгон буйрук Иранга экономикалык кысым көрсөтүүгө жана Кытайга мунай сатуусун бутага алууга жол ачат.
Мындай кадамдар Ирандагы цензура күчөгөн чакта январдагы толкундоолор учурунда интернетти өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берген кытайлык технологиялардын агымына таасир этиши мүмкүн.
“Кытайдын жаңы технологиялары жана тактикасынын жардамы менен санарип чөйрөсүн толук көзөмөлгө алса Иран элди контроолдоону жаңы деңгээле чыгарууга жөндөмдүү болуп калат”, - деп улантат Майкл Кастер.
Бул жааттагы кызматташтык ирандыктар экономикалык кризистин тереңдешине нааразылыгын билдирип чыкканда даана байкалды. Бийлик интернетти мурда болуп көрбөгөндөй тез өчүрүп, жарандарын сырткы дүйнөдөн обочодо калтырып, маалымат таратуу кескин чектелген.
Күбөлөрдүн айтымында, демонстранттарды курчоого алуу, айрым учурларда элге каршы ок чыгаруу үчүн дрон колдонушкан. Башкалары технологиялардын жардамы менен көчөгө чыгып, бийликке каршы ураан чакырган кишилерди аныкташканын айтышат.
Article 19 уюмунун докладында Кытайдын өкмөтү биринчи жолу Шинжаңдагы уйгурлардын артынан аңдуу үчүн пайдаланган технологияларды эми Иранда көрүүгө болоору белгиленет. Кастердин айтымында, бул – Тегеран Бээжиндин “санарип авторитаризминин ыкмаларынан” үлгү алып жатканын далилдейт.
Дагы караңыз Мүнхен конференциясы: Өзгөргөн дүйнө, "кыр көрсөткөн" саясатКоопсуздук чөйрөсүндөгү терең өнөктөштүк
Эки өлкөнүн кызматташтыгы бара-бара өнүгүп жатты. Кытайлык Huawei, ZTE, Tiandy жана Hikvision өңдүү дөө-шаалар Тегеранга жабдуулар менен ноу-хау берип туруу келишимдерин түзгөн.
Бул макулдашуудар АКШнын санкцияларына карабай ишке ашырылып, жергиликтүү интернетти катуу көзөмөлдөгөн мамлекеттин карамагындагы Ирандын улуттук маалымат түйүнүн алдыга жылдырууга өбөлгө түздү.
Ирандын коопсуздук күчтөрү 2005-жылы эле Кытайда демонстрация, митингдерди көзөмөлдөө тактикасын, технологияларды контролдоону үйрөнүп баштап, кызматташуу тажрыйба алмашуу жана келишимдер аркылуу уланып жатты.
Иран 2023-жылы регионалдык Шанхай кызматташтык уюмуна Кытайдын колдоосу менен кошулган. Декабрда уюмдун орусиялык, кытайлык жана башка аскерлер катышкан терроризмге каршы машыгуусун кабыл алган.
Көп узабай, 25-декабрда, нааразылык акцияларынын тутанышына бир нече күн калганда Ирандын Кытайдагы элчиси Бээжиндеги Коомдук коопсуздук университетине барып кеткенде “күч түзүмдөрү жана коопсуздук тармагындагы прагматикалык кызматташтык” уланарын билдирген.
2021-жылы Иран менен Кытай техникалык кызматташтыкты активдештирүү жана автомагистрал, жогорку ылдамдыктагы темир жол сыяктуу масштабдуу инфраструктура куруу үчүн 25 жылга экономикалык өнөктөштүк тууралуу келишим түзүшкөн.
Канадада жайгашкан FactNameh факт-чек сайтынын редакторлор кеңешинин мүчөсү Сохейл Азади “Азаттык” радиосуна айтып бергендей, маалымат каражаттарына чыгып кеткен келишимдин көчүрмөсүндө коопсуздук жана технологиялар тармагындагы кызматташтык өзүнчө бөлүнүп көргөзүлгөн.
Январдын этегинде Вашингтондогу Брукингс институту жүргүзгөн изилдөөдө сөз болгон макулдашуу “америкалык санкциялардын шартында Ирандын экономикасын чөктүрбөй кармап туруу аракети” деп сыпатталган.
“Иран Кытай үчүн эмес, Кытай Иран үчүн маанилүү. Бээжин ал өлкөдөгү стабилдүүлүктү коргоону, кара майдын экспортунан кол жууп калбашы үчүн Тегеранда америкалык режимдин пайда болушун алдын алуу үчүн аракет көрөт”, - деп айтылат изилдөөдө.
Макаланын оригиналы төмөнкү шилтемеде:
https://www.rferl.org/a/iran-china-nuclear-talks-trump-technology-surveillance-huawei-tiandy-zte/33680429.html