Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:53

АКШ өкүлдөрү Иранга жакын аскердик кемеге барды

Дональд Трамптын администрациясы Иранга басымды күчөтүп жатканда "Абрахам Линкольн" (CVN-72) аскердик жана башка бир катар кемелерден турган флотту Араб булуңуна жайгаштырган.
Дональд Трамптын администрациясы Иранга басымды күчөтүп жатканда "Абрахам Линкольн" (CVN-72) аскердик жана башка бир катар кемелерден турган флотту Араб булуңуна жайгаштырган.

Вашингтон Тегеранга басымды күчөттү. Анын учурда сүйлөшүү жүргүзүп жаткан өкүлдөрү Ирандын жээгине жакын аймакта токтоп турган АКШнын аскердик кемесине барышты.

Эки атаандаш өлкө ортосунда өзөктүк сүйлөшүүлөр уланууда.

АКШнын атайын өкүлү Стиф Уиткофф жана президент Дональд Трамптын күйөө баласы Жерард Кушнер 7-февралда Араб деңизинде токтоп турган "Абрахам Линкольн" (CVN-72) аскердик кемесине барышты. Аларга АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы адмирал Брэд Купер кошулду.

"Бүгүн биз "Абрахам Линкольн" (CVN-72) кемесинде анын сокку уруучу тобу жана Carrier Air Wing 9 курамындагы кайраттуу деңиз аскерлерине жолуктук. Алар бизди коргоп, президент Дональд Трамп айткан “күч аркылуу тынчтык” деген билдирүүнү ишке ашырып жатышат", - деди Стив Уиткофф.

Тынчтык миссиясы боюнча АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Араб деңизиндеги аскердик кемеге барды.
Тынчтык миссиясы боюнча АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Араб деңизиндеги аскердик кемеге барды.

Аскерлердин маалыматында, Калифорния штатынын Сан-Диего шаарындагы аскердик кеме ноябрда Инд-Тынч океан аймагын карай сапарга чыгып, январда Жакынкы Чыгышка келген.

"Абдан жакшы". Омандагы сүйлөшүү

Аскердик кемеге баруу чечими 6-февралда Омандын ортомчулугу астында Тегеран менен Вашингтондун делегациялары сүйлөшүү өткөргөндөн кийин белгилүү болду.

Дональд Трамп бул сүйлөшүүлөр "абдан жакшы" өткөнүн айткан.

Эки тарап тең сүйлөшүү жыйынтыгын жарыялаган жок, бирок Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жакын арада улантылышы мүмкүн экенин билдиришти.

"Иран келишим түзүүнү абдан каалап жаткандай көрүнөт. Ал келишим кандай болорун көрүшүбүз керек", - деди Трамп журналисттерге.

Эл аралык кризис тобунун Иран боюнча долбоорунун директору Али Ваез "Азаттыктын" Иран кызматына мындай деди:

"Сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурабаганы жана эки тарап тең сүйлөшүү үстөлүн таштап кетпегени, алар жетиштүү орток пикир тапканын же эки тарап тең сүйлөшүүнү улантууга жетишерлик жагымдуу айрым жеңилдиктерди сунуштаганын көрсөтөт".

АКШнын Борбордук командачылыгынын жетекчиси, адмирал Брэд Купер (солдон экинчи) Омандагы сүйлөшүүлөр учурунда АКШ делегациясына кошулган.
АКШнын Борбордук командачылыгынын жетекчиси, адмирал Брэд Купер (солдон экинчи) Омандагы сүйлөшүүлөр учурунда АКШ делегациясына кошулган.

Ошентсе да, сүйлөшүүлөр АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик күчтөрүн көбөйтүү шартында өттү. Акыркы жумалардагы Ирандагы башаламандыктар чыңалууну күчөттү: укук коргоо уюмдарынын айтымында, бийликтин колунан миңдеген жай тургундар каза болду.

Ирандагы кыргын тууралуу маалыматтар чыга баштаганда, Дональд Трамп камакка алынган он миңдеген адамдар арасынан кимдир бирөө өлүм жазасына тартылса, Иранга сокку урарын айтып коркуткан.

АКШ президенти аскердик варианттарды мүмкүнчүлүк катары калтырууда, ошол эле учурда Батыш мамлекеттери бомба жасоого багытталган деп кооптонгон, бирок Тегеран жарандык максатта гана деп ырастаган Ирандын өзөктүк программасын ооздуктоо аракеттерин айтып келет.

Омандагы сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШнын Мамлекеттик департаменти Ирандын мунай экспортуна каршы жаңы санкцияларды жарыялап, 15 уюмду жана "көмүскө флотко" кирген 14 кемени бутага алды.

Омандагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Ирандын тышкы иштер министри Тегеран менен Вашингтондун сүйлөшүүсү уланышы керектигин айтканы менен өзөктүк ракета программасын жана уран байытууну талкуулоону четке какты.

Аббас Аракчи 7-февралда Катардын "Аль-Жазира" телеканалына эки тарап тең сүйлөшүүлөрдү жакында улантууга макул болгонун, бирок кийинки жолугушуунун мөөнөтү макулдашылбаганын билдирди.

"Биз байытуу боюнча ишеним жараткан келишимге жетишүүгө даярбыз", - деди ал. Ирандын өзөктүк маселеси сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилет".

Нетаньяху Трампка жолугат

Ал арада Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси 11-февралда Вашингтондо "Иран боюнча сүйлөшүүлөрдү" талкуулоо үчүн Дональд Трамп менен жолуга турганын билдирди.

Биньямин Нетаньяху мурда да, азыр да АКШ президенттерин Иранга карата катуу саясат жүргүзүүгө чакырып келгени менен белгилүү.

Өткөн айда ал эгер Тегеран чабуул койсо Израил "Ирандын мурда түшүнө кирбеген күч" менен жооп кайтара турганын айткан.

Июнь айындагы Иран менен Израилдин ортосундагы 12 күндүк согушта АКШ Тегерандын Фордо жана Натанз шаарларындагы жер алдындагы уран байытуучу объектилерин бомбалаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG