Депутат Көкүлов айрым вице-спикерлердин кызмат ордун карап чыгуу керектигин айтты

Эрулан Көкүлов.

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов парламенттин спикеринин орун басарларынын, айрым комитет төрагалары менен депутаттык топтордун жетекчилеринин кызмат ордун карап чыгуу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 18-февралдагы отурумунда сүйлөгөн сөзүндө айтты.

“Айрымдары бир да күн мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Кыргызстанга пайдасы тийген адам деп айта албайсың. Бирок чоң кызматта отурат. Жазылбаган мыйзамдар болгону үчүн ушундай болгон. Кээ бир комитеттердин төрагаларын, айрым вице-спикерлердин ордун карап чыгып, акыйкаттыкты алып келсек болот эле”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштаган. 12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу парламент төрагасы кызматын тапшырып, анын ордуна Марлен Маматалиев шайланган.

Депутаттар Чыңгыз Ажибаев, Жылдыз Таалайбек кызы жана Карим Ханжеза төраганын орун басарлары. Жогорку Кеңеште сегиз комитет жана беш депутаттык топ бар. (BTo)

Дагы караңыз

Алматы соту "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына сурамжылоо үчүн айып пул салдыВебкам иши: Даниел Ажиев президенттин ырайымы менен абактан чыктыКамчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов кармалганы кабарландыЖакыпбековдун жакын адамы экени айтылган Дүйшөмбиев эки айга камалдыЖогорку Кеңеш депутаттарга планшет сатып алатСулаймановдун ордуна депутаттык мандат Абдуллаевге тийди№13 округдан шайланып келгендерге мандат ыйгарылдыТрамп "Тынчтык кеңеши" Газаны калыбына келтирүүгө 5 млрд доллар бөлөрүн билдирдиЗеленский украиндер Донбасстын Орусияга берилишин эч качан кечирбей турганын билдирди