Жогорку Кеңеште жаңы келген төрт депутат ант берди

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин 18-февралдагы отурумунда №13 округдан шайланып келген Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова жана №5 округдан Элдар Сулаймановдун ордуна келген Азизбек Абдуллаев ант берип, депутаттык кызматка киришти.

13-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо №13 округдагы жыйынтыкты өзгөртүп, Мамытов, Алтынбеков жана Карабекованы жеңүүчү деп тапкан.

Ал жыйында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө бөлүмүнүн башчысы Аллаберди Мавлянов кылмыш иши боюнча маалымат берип, тергөөдө добушканаларга телефондорду орнотууда талапкер Бактыбек Сыдыковдун тарапташтарынын мыйзамсыз аракети тастыкталганын айткан. Ал бул округдан шайлоого катышкан калган 13 талапкерге эч кандай кылмыш иши козголбогонун кошумчалаган.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. №13 округдагы мыйзам бузууларга байланыштуу БШК андагы добуш берүүнүн жыйынтыгын 3-декабрда жокко чыгарган. Бул аймактагы 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы ачыкка чыккан. Мындан соң кайра шайлоо жарыяланып, добуш берүү 1-мартка белгиленген. Ал үчүн 25 талапкер каттоодон өтүп, үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан.

Боршайком 17-февралда Элдар Сулаймановду өзү жазган арызынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыраткан. Анын ордуна Азизбек Абдуллаев келип, мандат алды.

Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштаган. (BTo)

Дагы караңыз

Жапаров менен Токаев эки өлкөдөгү саясий реформаларды талкуулаштыДепутат Көкүлов айрым вице-спикерлердин кызмат ордун карап чыгуу керектигин айттыЖогорку Кеңеш депутаттарга планшет сатып алатКонституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылы өтөрүн билдирдиЭрмек Өмүралиев Кыргызстандын Италиядагы элчиси болуп дайындалдыАлматы соту "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына сурамжылоо үчүн айып пул салдыВебкам иши: Даниел Ажиев президенттин ырайымы менен абактан чыктыКамчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов кармалганы кабарланды