Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасы болуп дайындалды

Жумгалбек Шабданбеков.

Президент Садыр Жапаров Жумгалбек Шабданбековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кылып дайындады. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш 18-февралда колдогон.

56 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн. 1991-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. Эмгек жолун Талас облустук салык кызматында инспектор, улук инспектор болуп баштап, 1994-жылдан тартып коопсуздук органдарында ар кандай кызматтарда иштеген. 2020-жылдын октябрынан баштап УКМК төрагасынын орун басары жана 9-кызматтын (ред: Мамлекеттик күзөт) башчысы болуп эмгектенип келаткан. 2022-жылы генерал-майор аскердик наамын алган.

Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалды.

Рустам Мамасадыков УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Алишер Эрбаев УКМКнын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору, Акылбек Намазов атайын кызматтын жетекчисинин орун басары болуп бекитилди.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун аны кызматтан алуу чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келип, 17-февралда кайра чет жакка чыгып кетти. Бирок кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок. (BTo)

Дагы караңыз

Оштун жаңы мэри Акаев президент "таза иште" деп талап койгонун айттыБашкы прокуратура ишкерлерди мыйзамсыз текшергендер жазаланарын билдирдиПарламентте эки депутаттык топтун лидерлери алмаштыБишкекте дарыгерлер кесиптешинин бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп жатышатУкраин аскер күчтөрүнүн мурдагы башчысы Залужный Зеленский менен чыры тууралуу айтып бердиМуфият Орозо айында бериле турган битир-садаганын өлчөмүн бекиттиӨкмөт башчы Касымалиев Оштун жаңы мэри Жанарбек Акаевди эмгек жамаатына тааныштырдыКулубаев санкцияларга байланыштуу Кыргызстан милдеттенмелерин так аткарып жатканын айтты