25-февралдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт

24-26-февраль күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордогу ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

25-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндуз 3…8

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндуз 14…19

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндуз 4…9

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3

Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаашы мүмкүн, күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашы ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 5…7° болот.

Дагы караңыз

Алагөзов Манас шаарынын аталышы өзгөртүлбөй турганын айтты Райимберди Дүйшөнбиевге жана Жайлообай Нышановго мандат тапшырылдыЗеленский согуштун төрт жылдыгында Путин Киевди үч күндө аларын айтканын эске салдыБишкекте гезит дизайнери Фейсбуктагы пикири үчүн алты жылга соттолдуБакыт Төрөбаев социалдык тармактарга тараган аудио боюнча үн катты ТИМ кыргызстандыктарды Мексикага барбай турууга чакырды