15 жаштагы Элдана Мамбеталиева 15-февралда Бишкектин Ак-Бата жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра келген эмес. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кыздын жоголгонун милицияга ата-энеси 23-февралда маалымдаган.
Андан бир күн мурун - 22-февралда Элдананын Айгүл аттуу курбусу жоголгону кабарланган.
Милиция өспүрүм кыздардын дайынын билгендер болсо 102 номуру аркылуу кабарлап коюуну суранууда.
Бишкек ШИИБ 23-февралда 20-январдан берки аралыкта Бишкекте 15, 16, 17 жана 18 жаштагы сегиз өспүрүм: беш кыз, үч улан дайынсыз жок болуп жатканын кабарлаган. Алардын ичинен алтоо борбор калаадагы "Ак ниет" балдар үйүнүн тарбиялануучулары экени айтылган.(ZKo)