"Путин өз максатына жеткен жок". Украинадагы согуш качан токтойт?

Украин аскери

мазмуну

  • 24-февралда Орусия Украинага кеңири масштабдуу согуш ачканына төрт жыл болду.
  • Бир катар басылмалар эксперттерге таянып, Москва быйыл согушту токтотууга кызыкдар эмес экенин жазышты.
  • Украин президенти Владимир Зеленский өз кайрылуусунда: «Путин өз максаттарына жеткен жок. Ал украин элин сындыра алган жок. Ал бул согушта жеңген жок", - деп айтты.
Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына туура төрт жыл болду. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Европадагы эң ири куралдуу жаңжал болуп калды.

Украин аскерлери жайы-кышы, ысык-суукка карабай тынымсыз чабуулдарга туруштук берип, коргонуу чебин сактап турушса, жай тургундар кыштын ызгаарында дээрлик ар түнү жапырт дрон жана ракета соккуларына дуушар болуп жатышат. Орус армиясынын чабуулдарынан энергия менен камсыздоо да үзгүлтүккө учурап жатат.

Төрт жыл ичинде курман болгондор, жаракат алгандар жана дайынсыз жоголгондор боюнча ар башка сандар айтылып келет. Акыркы маалыматтардын биринде согушта 1,2 миллион орусиялык жана 500–600 миң украиналык мерт кеткен, жарадар болгон же дайынсыз жоголгон деп көрсөтүлгөн.

Жаңжалдан улам миллиондогон украиналык өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту. Дүйнөлүк банк 24-февралды утурлай жарыялаган баяндамасында билдиргендей, Украинанын экономикасын калыбына келтирүү он жыл ичинде 588 миллиард долларды талап кылат.

Бирок калыбына келтирүү иштерин согуш токтомоюнча баштоо мүмкүн эмес.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү

АКШнын президенти Дональд Трамп 2025-жылдын январында кызматка киришкери менен Украинадагы согушту токтотуу аракеттерин баштаган. Ак үйдүн атайын өкүлдөрүнүн ортомчулугу менен Москва менен Киевдин делегациялары сүйлөшүүнүн бир нече айлампасын өткөрүштү. Азырынча так жыйынтык чыга элек. Украин бийлигинин маалыматына караганда, ушул жуманын аягында дагы сүйлөшүүлөр өтүшү мүмкүн.

Соңку ирет үч тараптуу жолугушуу Швейцариянын Женева шаарында өткөн. Анда АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф «маанилүү прогресс» болгонун айтып, бирок чоо-жайын ачыктаган жок жана «эки тарап тең келишимге жетүү багытында ишти улантууга макул болгонун» кошумчалады.

Саясат талдоочу Антон Пенковский «Настоящее время» телеканалынаа берген маегинде аймактар маселеси баарынан талылуу болуп жатканын белгиледи.

«Менимче, убакыт өткөн сайын эки тарап тең АКШ тарабынан экономикалык жана тышкы саясаттык кысымдын күчөп жатканын сезүүдө», — деп кошумчалады ал.

Чындыгында эле, бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин аймак маселеси негизги талаш темалардын бири бойдон калууда. Орусия Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагын толук өткөрүп берүүнү талап кылууда. Учурда ал жакта айрым шаар-кыштактар украин армиясынын көзөмөлүндө.

Буга Украинанын президенти Владимир Зеленский караманча каршы. Ал эч кандай чегинүүгө макул эмес. Зеленский мындай чечим үчүн референдум өткөрүү керектигин жана украин эли буга эч качан макул болбой турганын бир нече ирет кайталды.

Орус армиясынын басып киришинин төрт жылдыгына карата жасаган кайрылуусунда Владимир Зеленский Украина тынчтыкка жана адилеттикке жетүү үчүн «баарын жасай турганын» айтты.

«Путин өз максаттарына жеткен жок. Ал украин элин сындыра алган жок. Ал бул согушта жеңген жок. Биз Украинаны сактап калдык жана тынчтык менен адилеттикке жетүү үчүн баарын жасайбыз», — деди ал 24-февралда жарыяланган видео кайрылуусунда.

Киевдеги эскерүү иш-чаралары

24-февралда Владимир Зеленский Европарламентке видеобайланыш аркылуу кайрылат жана Киевде Евробиримдиктин жогорку даражалуу жетекчилерин кабыл алды. Еврокомиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта расмий эскерүү аземине катышып, ошондой эле орус армиясынын ракеталык соккуларынан жабыркаган энергетикалык инфраструктура объектилерин кыдырышты.

«Евробиримдик жакындарын жоготкондор, жарадар болгондор жана адилетсиз азап-тозокту баштан кечирип жаткан бардык украин элине бекем жана туруктуу тилектештигин көрсөтүп келет. Төрт жылдан кийин да биз колдообуз күчтүү, биримдиктүү жана кебелбеген бойдон кала берерин дагы бир жолу ырастайбыз», — деди Антониу Кошта.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинадагы согушка төрт жыл

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Украинага аскердик колдоону олуттуу кыскартуу чечимин кабыл алгандан бери, европалык мамлекеттер бул боштукту толтурууга аракет кылып келишет.

НАТОнун алкагында азыр Европа өлкөлөрү Украина үчүн АКШнын курал-жарактарын жана башка аскердик техникаларын сатып алып, ошол эле учурда Киевге өзүлөрү өндүргөн курал-жабдыктарды жеткирүүнү да улантып жатышат.

Өткөн жылы Европа мамлекеттери, ошондой эле Канада жана башка өнөктөштөр «Каалоочулардын коалициясын» түзүштү.

Бул бирикме Украинаны колдоону координациялоого жана согуштан кийинки мүмкүн болгон тынчтыкты сактоо миссиясын же «ишеним күчтөрүн» жайгаштырууну пландоого багытталган.

Коалиция 24-февралда видеоконференция өткөрөт.

Жыйынды анын эки лидери Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон алып барышат.

Жылдыктын алдында Британиянын коргоо министри Жон Хили «мен британ аскерлерин Украинага жөнөткөн коргоо министри болгум келет. Анткени бул согуштун акыры келгенин билдирет», — деп жазды.

Коопсуздук кепилдиктери

Украина аймагына Батыштын аскерлерин жайгаштыруу ыктымалдыгы Киевдин тынчтык боюнча негизги талаптарынын бири болуп саналат.

Украинанын жетекчилиги ишенимдүү коопсуздук кепилдиктерин талап кылууда. Алардын пикиринде Москвага согуштагы тыныгууну кайра куралданып, кийинчерээк дагы бир жолу кол салуу үчүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк бербеш керек.

Бул дагы негизги талаш маселелердин бири бойдон калууда.

Кремль Батыштын аскерлеринин Украинага жайгаштырылышына каршы. Орусиянын өкүлдөрү бул таптакыр кабыл алынгыс шарт бир нече жолу билдиришкен. Көптөгөн талдоочулардын пикиринде, Орусия чынындатынчтыкка кызыкдар эмес.

«Орусиялдыктар согушту 2027-жылга чейин уланта алабыз деп эсептешет жана жүрүп жаткан сүйлөшүү процессин трансатлантикалык альянстын ичин жара турган курал катары кабыл алышууда», — дейт Британиядагы Падышалык коргонуу изилдөөлөрү боюнча институттун ( Royal United Services Institute) аналитикалык борборунун өкүлү Жек Уотлинг.

23-февралда Украинада согушкан аскерлерге медалдарды тапшырып жатып, Владимир Путин Украинадагы согушун токтотууга ниети бардай көрүнгөн жок.

«Силер Орусия үчүн бекем турасыңар. Биз өз өмүрүн тобокелге салып, кайраттуулук жана эр жүрөктүк менен, Орусияга болгон сүйүү менен чек араларыбызда турган бардык жоокерлерди урматтайбыз», — деди Путин аскерлерге.

Украинанын чыгышындагы, орус армиясынын тынымсыз кайталанган бомбалоолоруна кабылган Краматорск шаарынын тургундарынын бири согуш бешинчи жылга аяк баскан учурда карапайым калк тынчтыкты гана тилеп жатканын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна айтты.

«Бир жакшы нерсеге макулдашса экен деп тилейм. Биз ошону суранып келатабыз. Эл абдан көп азап тартты», — деди ал.

Ал сөзүн бүтүрөр замат катуу жарылуунун үнү угулду.

Согуш быйыл токтойбу?

Reuters агенттиги Европанын беш чалгын кызматынын жетекчисине таянып, 2026-жылы Украинадагы согушту токтотуу боюнча келишимге жетишүү мүмкүнчүлүгү өтө төмөн экенин жазды.

Агенттик менен сүйлөшкөндөрдүн баары Кремль согушту тез бүтүрүүгө кызыкдар эмес деген пикирде.

Алардын төртөө Москва АКШ менен сүйлөшүүлөрдү санкцияларды жеңилдетүү жана соода келишимдерине жетишүү үчүн басым куралы катары колдонуп жатканын белгилешкен.

Булактардын биринин айтымында, Кремль өз максаттарына жетүүгө аракеттенүүдө. Анын ичинде Украинанын президенти Владимир Зеленскийди бийликтен четтетүү жана Украинаны Орусия менен Батыштын ортосундагы нейтралдуу “буфердик зонага” айлантууну көздөйт.

Дагы бир булактын айтымында, Орусия тынчтыктын тез арада орношуна кызыкдар эмес, өлкө экономикасы да өтө деле начар абалда эмес.

Британдык «Таймс» гезити Батыштагы расмий өкүлдөрдүн арасындагы булактарга таянып жазгандай, азыркы согуш аракеттеринин ыргагы сакталса, Кремль кеминде дагы бир жыл куралдуу жаңжалды уланта алат.

Басылманын Британиянын Коргоо министрлигиндеги жогорку кызматтагы маектеши журналисттерге билдиргендей, Москва дагы 18 ай согуш жүргүзүп, учурда Украинанын көзөмөлүндө турган Донбасстын 20 пайыз аймагын басып алууну көздөп турат.