Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын лидери Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Анын сөзүнө караганда, сүйлөшүүгө президент Трамптын атайын чабармандары Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер да катышты.
"Эртең Женевада биздин өкүлдөр эки тараптуу жолугушууда карай турган маселелерди, ошондой эле марттын башында өтө турган толук курамдагы командалардын үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнө даярдыкты талкууладык. Бул бизге лидерлер деңгээлиндеги сүйлөшүүгө өтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп эсептейбиз. Президент Трамп иштин бул ыраатта жүрүшүн кубаттайт. Бул бардык татаал жана орчундуу маселелерди чечүүнүн жана акыры согушту токтотуунун бирден бир жолу", – деп жазды Зеленский.
Мурдараак сүйлөшүү болгону тууралуу Axios агенттигинин журналисти Барак Равид өз булактарына таянып билдирген.
Зеленский буга чейин башында Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров турган украин делегациясы 26-февраль, бейшембиде Женевада АКШнын атайын чабармандары - Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен жолугарын маалымдаган.
Орусия менен үч тараптуу жолугушуу март айынын башына мерчемделген. Мурдараак тараптар жолугушуу февралдын аягында өтүшү ыктымалдыгын билдиришкен, бирок датасы айтылган эмес.
24-февралда Орусиянын Украинага каршы ачкан толук масштабдуу согушунун төрт жылдыгына карата украин элине кайрылуусунда Зеленский Трамптын Украинага сапарынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кремль сүйлөшүүлөрдү жасалмалап, АКШ менен "ойноп" жатканын билдирген. Ошол эле күнү орус бийлиги Украинаны кайрадан өзөктүк куралга ээ болууга аракет кылып жатат деп айыптады.
Financial Times басылмасына курган маегинде Зеленский Путинге ишенүүгө болбостугун айтып, Донбасстан украин аскерлерин чыгарып кетүү согушка чекит коеруна ишенбестигин кайталаган. Ал Трамптын администрациясы "тынчтык келишимине жетүү максатында Москвага караганда Киевге көбүрөөк басым жасап жатканын" кошумчалаган.