“Кыргызстанга кете албай жатабыз”
Дубайга барган кыргызстандык Асан Өмүракунов 1-мартта мекенине кайтмак. Учурда аны менен бирге дагы 31 киши Кыргызстанга уча албай жатышат.
“1-мартта кечинде, 21:40та Кыргызстанга учмакпыз. Уча албай калдык. Бул жакка кайрылсаңар болот деген номерлерди жаңылыктардан көрүп калып, консулдукка чалдым. Медер Султаналиев деген жигит бар экен. “Кабатыр болбоңуздар” деди, ошондон тарта байланышта болуп жатабыз. Жардам берип, маалыматтарды толук айтып жатат. Эми бүгүн консулдуктан документтерди жиберди. [БАЭнин] Туризм министрлиги менен сүйлөшүшүптүр. Аба мейкиндик ачылганга чейин туристтерди багат деп айтышты. Элчилик өзү багабыз деген жок. Маалымат берилип жатат. Дубайдын бийлиги “туристтерди баккыла, кубалап чыгарбагыла деди” деген маалыматтар келип жатат. Консулдук сүйлөшүптүр, иши кылса. Азыр тамактанып алып, кайра мейманканада калуу күнүн узартат болушубуз керек”.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Кыргызстанга кете албай жатабыз”
Ал эми Эркингүл 28-февралдан бери Бириккен Араб Эмирлигинин Ажман шаарынан Кыргызстанга келе албай жатканына даттанды. Анын айтымында, аэропортто тургандарга суу да берилген эмес.
“Биз 28-февралда 21:40та кайра Кыргызстанга учуп кетмекпиз. AirArabiya авиакомпаниясы болчу. 28и күнү биз үч жарымдарда эле аэропортко келдик. Эрте барып, каттала берели десек, “аэропорт жабык” деп коюшту. Ошол боюнча күн ысыкта эшикте отурдук. Авиакомпания бизди аэропортко киргизмек тургай, чыгып, сүйлөшүп да койгон жок. Жаныбыздагы жаш балдар, улгайган апаларыбызды дааратканага болгону бир жолудан киргизип жатат. Суу жок. Бул жакта аба ырайы ысык да”, - дейт ара жолдо калган келин.
Эркингүл дагы башка төрт мекендеши менен бирге Бириккен Араб Эмирлигиндеги Кыргызстандын консулдугуна кайрылышкан. Алар жардам болгон эместигин айтышууда.
"Айлабыз кетип, консулдукка жаза баштадык. Консулдуктан Кутман жана Темирлан аттуу мырзалар келди. Жарым литрлик бир бөтөлкөдөн суу берди да, “биздин AirArabiya компаниясына алыбыз жетпейт, маселеңерди чече албайбыз. Ажманда бир кишиге 25 доллардан отель бар экен, такси менен ошого бара бергиле” деди. Ажманга булар жөнөткөн отелге келсек, ал жер ыплас, кир жатакана экен. Акчасы 25 доллар деп жөнөткөнү менен биз келсек, 100 доллардан деди. Таксист менен сүйлөшүп, бизди бир жакка алып барбасаңыз, балдар менен каякка барабыз дедик. Ажмандагы бир жатаканага алып келген. Ошондон бери отурабыз. Элчиликтен, консулдуктан бир дагы жооп болгон жок. Жазып эле жатам, жазып эле жатам. Бирок мындан ары абалыбыз кандай болот? Кайсы күнгө чейин ушинтип жашайбыз? Акчам бүгүн түгөнөбү, эртең түгөнөбү. Мына, жатаканабыздан эшикти каккылап, “чыккыла” деп жатат. “Саат 1ге чейин акчаны төлөбөсөңөр, чыккыла” деп жатат”.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, учурда Перс булуңунда жалпы 22 миң кыргызстандык бар. Анын 10 миңи БАЭде болсо, Сауд Арабияда 5 миң, Катарда 800дөй кыргыз жараны катталган. Ошондой эле, Кувейт, Бахрейн, Иорданияда жалпы 1000ге чукул, дагы 100дөй кыргызстандык Израилде турат.
2-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет жерден мекенге кайта албаган жарандарга жардам берүү үчүн атайын штаб иштеп жатканын маалымдады.
Министрликке караштуу Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу БАЭдеги элчилик, консулдуктагы кызматкерлер ара жолдо калган кыргызстандыктарга колунан келишинче жардам берип жатканын билдирди.
“Эки күн мурун Бириккен Араб Эмирликтеринин Туризм департаменти тарабынан мейманканалардагы туристтерди мажбурлап чыгарбоо боюнча кагаз жиберилген. Тилекке каршы, бардык мейманканалар ага баш ийбей, туристтерди чыгарган учурлар да болуп жатат. Биздин элчиликтеги, башкы консулдуктагы кызматкерлер жарандардан маалымат түшкөндө, колунан келишинче мейманканалардын ээлери менен сүйлөшүп, жарандарды кайра киргизүү аракеттери болуп жатат”.
Ушул эле күнү Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрүп, согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакта калган Кыргызстандын жарандарын мекенге кайтаруу үчүн чукул чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.
Жакынкы Чыгыштагы абал өткөн ишембиде Израил менен АКШ Иранга сокку уруп, “ири аскердик операция” баштагандан тарта курчуган. Иран жооп катары АКШнын Перс булуңундагы аскер базаларына чабуул койгон. Натыйжада Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирлиги жана башка өлкөлөрдө аба мейкиндиги жабылган.
Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул аймактардагы кыргызстандыктардан коопсуздук чараларын күчөтүүнү суранып, такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырды.
Ага чейин 28-февралда Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыш аймагындагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.
“Кыргыз Республикасы аймактагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү, Бириккен Улуттар Уюмунун уставына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык иш алып барууну жактайт. Ошондой эле тараптарды максималдуу сабырдуулукка чакырып, согуштук аракеттерди кечиктирбестен токтотууга жана кырдаалды жалаң гана тынчтык жолу менен чечүү үчүн конструктивдүү диалогго мүмкүн болушунча тез кайтууга багытталган бардык зарыл чараларды көрүүгө үндөйт, - деген Тышкы иштер министрлиги билдирүүсүндө.
Бирок соңку абалга байланыштуу башка Борбор Азиянын башка лидерлери эч кандай билдирүү тарата элек.
Аймактагы кырдаалдын таасири кандай болот?
Ошентип, АКШ менен Израилдин соккусу жана Ирандын жооптуу аракеттеринен кийин кырдаал курч бойдон калууда. Иран Перс булуңундагы араб өлкөлөрүндөгү америкалык базаларга сокку урууда. Жакынкы Чыгыштагы жаңжал Кыргызстандын маалыматтык чөйрөсүндөгү башкы тема болуп жатат.
Учурда Борбор Азия өлкөлөрүнүн Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен авиакаттамдары токтотулган. Консулдук департамент бир гана Сауд Арабиясы менен абадан карым-катыш жүрүп жатканын билдирди. Жүк ташуулар да дээрлик токтоп турат.
Перс булуңундагы Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуу менен мунай жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы эл аралык экономикалык тобокелдиктерди күчөтөрү талкуунун олуттуу бир бутагы болуп турат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ирандагы кырдаалдын Борбор Азияга таасири
Кыргызстан үчүн Перс булуңунун экономикалык мааниси өзгөчө жогору. Ирандын Бандар-Аббас порту аркылуу кыргыз жүктөрү ары-бери өтүп турчу.
2025-жылдын расмий статистикасына ылайык, Кыргызстандын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен экономикалык алакасы жалпы жонунан 285 млн долларды түзгөн. Анын жарымынан көбү (62% - 176 млн $) Бириккен Араб Эмирликтери менен, дээрлик үчтөн бири (28% - 79,9 млн $) Иран менен соодага туура келет.
Кыргызстандын Иран менен соода алакасы 2025-жылы 80 млн долларга чукул болгон. Анын жарымынан көбү импорттон турат. Эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылы 36% өскөн, өзгөчө экспорт эки эседей көбөйгөн.
Эксперттик чөйрөдө Иран жаңжалынын айынан Перс булуңуна жол жабылары сөз болууда. Ормуз кысыгы аркылуу мунай жүгүртүү үзгүлтүккө учураса, эл аралык экономикалык абалга олуттуу таасир тийгизери айтылууда.
Экономикалык талдоочу Элдар Абакиров Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын Борбор Азияга таасирин эки тараптан карайт. Тескери таасири катары мунай баасынын кымбатташынан улам инфляция өсүп, баалар кымбаттайт деп эсептейт.
“Позитивдүүсү, биз аркылуу логистикалык мүмкүнчүлүктөр өсүшү мүмкүн. Логистикалык мүмкүнчүлүк дегенде, азыр Кытайдан биз аркылуу ансыз деле көп товар өтүп жатат. Ал көлөм дагы өсүшү мүмкүн. Бирок, бул нерсени жакшылап колдонуш үчүн биздин логистика, жолдор жакшы иштеши керек. Темир жол, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун тезирээк бүтүрүш керек. Андан тышкары, Түндүк-Түштүк жолунун экинчисин балким тезирээк куруш керек. Анткени, түштүк тараптан биз тарапты көздөй товарлар чуркай баштайт. Ошого дагы биздин каттамдарыбыз даяр болушу керек”.
28-февралдан тарта АКШ жана Израил Иран аймагына сокку урууну улантууда. Жооп катары Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдө жайгашкан америкалык аскер базаларына чабуул койду.
Эксперт Марс Сариев бул жаңжал бир топко уланышы мүмкүн экенин боолгоду:
"Биз буга даяр болуп, түштүк чектерибизди бекемдешибиз керек. Иш-аракеттерибизди Борбор Азия мамлекеттери, ЖККУ жана ШКУнун алкагында макулдашып турушубуз зарыл. Жакынкы Чыгыш менен Орто Чыгыштагы туруксуздук Борбор Азияга да таасир этет деп ойлойм. Андыктан, биз олуттуу экономикалык жана геосаясий чакырыктарга даяр турушубуз керек. Аскердик коопсуздукту чыңдоо биринчи орунда турат”.
Рейтер агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу каттаган 150дөй мунай танкери 1-мартка карата Иран, Ирак, Кувейт, Бириккен Араб Эмирликтери жана Омандын жээктерине жакын жерлерде жылбай токтоп калганын маалымдаган. Эксперттер дүйнөдөгү кара майдын бештен бири ташылган кысыктын кооптуу абалда калышы мунайдын баасына терс таасир этет деп эскертүүдө.
- Эл аралык эсеп-кысап базаларына таянсак, АКШ Ормуз кысыгы аркылуу жылына 10 млндон 15 млн тоннага чейин мунайзат ташып өтөт. Аларды Перс булуңундагы Сауд Арабия, Ирак, Кувейт, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери жана Бахрейнден импорттойт. Эң арзан мунайды Ирактан, Кувейттен жана Сауд Арабиядан сатып алат.