Президент Жапаров Омандан эки учак менен 300 кыргызстандык чыгарыларын айтты

Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн кыргызстандыктарды эвакуациялоо иштери жүрүп жатканын 3-февралда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Учурда Оман мамлекети менен макулдашып, эки учак менен 300 киши алынып келинерин билдирди.

“Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет. Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам”, - деп жазылган билдирүүдө.

ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-марттагы брифингде билдирген.

Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирликтеринде. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.

Сауд Арабиясындагы 5 миң киши умра зыяратына баргандар жана миң киши ал жакта туруктуу жашайт.

Катарга круиздик саякат менен барган 67 кишинин виза мөөнөтү 7-мартка чейин узартылган.

ТИМ Бириккен Араб Эмирликтеринде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүп, соңку окуялар боюнча жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө жана такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырган.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан чабуул койгон.

Дагы караңыз

Казакстан Ирандагы жарандарын Азербайжан, Түркмөнстан жана Армения аркылуу эвакуациялайтАбактагы акын Аскат Жетиген кыйноого кабылганын маалымдады Рубио Иранга соккуларды "алдын алуу аракети" деп атап, күчтүү чабуулдар алдыда экенин айтты 4-марттын аба ырайы: жаан, кар жаайт