Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

4-марттын аба ырайы: жаан, кар жаайт

3-5-март күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

4-мартта түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндуз 11…16

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 градус жылуу болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 8…10° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG