Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Айбек Токтоболотов Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү маалымат 3-мартта президенттин сайтына жарыяланды.
47 жаштагы Айбек Токтоболотов буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментин жетектеп турган.
Катардагы мурдагы элчи Марат Нуралиев былтыр 27-декабрда мамлекет башчынын жарлыгы менен кызматынан алынган.
Анын кызматтан кетүү себебине расмий түшүндүрмө берилбегени менен, кийинчерээк кош никесине байланыштуу иштен алынганы белгилүү болгон. Айрым булактар Нуралиевдин жүрүм-турумуна байланыштуу кызматтык териштирүү жүрүп жатканын “Азаттыкка” кабарлашкан.(ZKo)