Дүйнөдө мунай кымбаттады. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын Кыргызстанга таасири кандай болот?

мазмуну

  • Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу мунайдын баасы 10 пайызга өскөнү белгилүү болду. Дүйнөдө экспорттолгон мунайдын 20% ашыгы Ормуз кысыгы аркылуу өтөт.
  • Талдоочулар кырдаал курчуй берсе, мунайдын баасы дагы өсүшү мүмкүн экенин айтууда.
  • Негизинен күйүүчү майды Орусиядан ташыган өлкөлөр үчүн, анын ичинен Кыргызстанга мунун кандай кыйыр таасири бар?
Ормуз кысыгы жана мунайга бай өлкөлөрдөгү кырдаалдын дүйнөлүк рынокко таасири тууралуу айтып беребиз.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал башталгандан бери Кыргызстандын мунай рыногунда туруксуздук байкала элек. Мунай ташуучулар ассоциациясы өлкөдө мунай каатчылыгы жок экенин, алдыдагы жазгы айдоо иштерине кенен жетерлик кор бар экенин билдирүүдө.

Учурда Бишкектеги мунай бекеттеринде баанын өзгөрүшү байкала элек, расмий статистика да баанын туруктуулугун көрсөтүп жатат. Уюм эгерде Иран жаңжалы создугуп кетсе, алдыда мунайдын баасына таасир этиши ыктымалдыгын четке какпайт.

Дагы караңыз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам дүйнөдө мунай баасы 10% көтөрүлдү


Жакынкы Чыгыштагы мунай каатчылыгынын таасири Кыргызстанга да жетет

Мунай экспорттоочу мамлекеттердин ОПЕК уюмунун маалымат базасы мунайдын эл аралык рыноктогу баасы соңку бир жумага жетпеген мезгил ичинде 16% өскөнүн көрсөтүп жатат. Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдар башталган 28-февралдан алдыңкы күнү мунайдын баррели 70 доллардан сатылып жатса, 3-мартка карата 81 долларга жетти.

Талдоочулар жаңжал созулуп кетсе мунайдын баасы 100 доллардан ашып кетерин болжолдоп жатышат.

Деген менен, Кыргызстан мунай керектөөсүнүн 90% ашыгын сырттан импорттогон өлкө катары эл аралык рыноктогу жагдайга толук көз каранды.

Кыргызстанга мунай жаңжал болуп жаткан Жакынкы Чыгыштан келбейт. Бишкек кара майды негизинен Орусия менен Казакстандан импорттойт. Анткен менен, Перс булуңундагы каатчылыктын эл аралык мунай рыногунда туруксуздукту жаратары, анын ичинде Кыргызстанга да кыйыр таасир этери күтүлүп жатат.

Ормуз кысыгы. Мунай тарткан танкерлер

Экономикалык талдоочу Кубан Чороев Кыргызстан даяр мунай продукциясын сатып алгандыктан, экономиканын бардык тармактарында инфляция толкуну күтүлөрүн айтат. Ал жаңжалдын созулуп кетүү ыктымалдыгы көбүрөөк тобокелдик жаратарын белгилейт.

“Бүгүнкү күнү биз энергетикалык жактан Орусиядан импорт кылууга толугу менен көз карандыбыз. Бүгүнкү жагдай, дүйнөлүк кырдаал биз азыртан эле логистиканы ойлонуштуруунун камын көрүш керек деген ойго алып келет. Бүгүнкү күнү биз экономиканы диверсификация кылуу чакырыгында турабыз. Мисалы, Кыргызстандын импорту өтө чоң деңгээлде, ИДПга салыштырмалуу 60-70% чейин чыгып кетебиз кээ бир жылдары. Бул эмнеден белги берет? Биз сатып алуучу экономиканы түзүп алганбыз. Бирок, ошол эле убакта өндүрүүчү экономиканы бүгүнкү күнгө чейин түзө элекпиз”.

АКШ менен Израил 28-февраль күнү Иранга карата аскердик операциясын баштап, ракеталар менен аткылаган. Ага жооп кылган Тегеран Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына карата ракеталарын учурган. Муну менен катар Перс булуңундагы Ормуз кысыгын бөгөттөп салган. Учурда булуң аркылуу Жакынкы Чыгыштын мунайын ташуу токтоп турат.

Ормуз кысыгы Перс булуңун Араб деңизине, андан ары Инд океанына чыгарат

Ормуз кысыгын бөгөттөө Азия менен Европанын шаштысын алат

Соода булактарынын маалыматына ылайык, Тегеран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерге эскертүү бергенден кийин танкерлердин ээлери жана ири мунай компаниялары бул кысык аркылуу чийки мунайды, күйүүчү майды жана суюлтулган жаратылыш газын ташууну токтоткон. Эл аралык басылмалар жазгандай, 2-мартка карата кысыктын аймагында 250дөн ашуун мунай жана суюлтулган газ ташыган танкер жана 70тей контейнер жүктөгөн кеме токтоп турат.

Ормуз кысыгы Перс булуңун Араб деңизине, андан ары Инд океанына чыгарган стратегиялык маанилүү коридор. Узуну 150 чакырымдан ашуун, туурасы 40 чакырымдай болгон кысык Иран, Бириккен Араб Эмирликтери жана Омандын ортосунда жайгашкан. Жай күндөрү кысык аркылуу күнүнө 200-300 кеме өтүп турчу. Алар Перс булуңундагы мунай ресурстарын Азия менен Европага жеткирип келген.

Дүйнөдө 1,5 трлн баррелден ашуун аныкталган мунай кору болсо, анын 85% ОПЕК уюмуна кирген өлкөлөрдө жайгашкан. Анын ичинен жарымынан көбү (55% же 871 млрд баррел) Перс булуңун бойлой жайгашкан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө таандык.

Эл аралык эксперттер Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан мунай импортчулар Кытай, Индия жана Евробиримдик өлкөлөрү көбүрөөк жабыркашын эскертип жатышат. Bloomberg басылмасынын сурамжылоосуна катышкан экономисттер алдыда инфляциялык өсүүнү эскертишкен.

Мунай тартыштыгы жаралса жана логистикалык кыйынчылыктар пайда болсо, алардан чыккан товардын баасына түз таасир этерин белгилешет. Маселен, дүйнө жүзүн арзан продукциялар менен камсыздап келаткан Кытай базарында баалар өсүп, бул жагдай Кыргызстан сыяктуу андан көз каранды болгон импортчу өлкөлөрдүн экономикасына да олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн.

Жакынкы Чыгыш боюнча адис Искендер Ормон уулу мунайдын кымбатташы чынжырча болуп башка тармактардагы баалардын да өсүш тобокелдигин курчутат деп эсептейт.

“Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк сооданын 25% айланган жана күнүнө өткөн 20 млн баррел мунайдын көпчүлүк бөлүгү Кытайга кеткен. Мунайдын камсыз болбой калышы деген бул өлкөнүн бардык экономикасына, негизги кызыкчылыгына таасири тийет дегендик. Ормуз кысыгы аркылуу экономикалык көлөмдүн таасири бизге дагы тийет. Себеби, эгер ошол эле Кытайга барган мунай кымбаттаса, дүйнөдөгү продукция өндүрүшүнүн дагы кымбатташына алып келет. Ал өндүрүштүн кымбатташы импорттоочу өлкө катары бизге дагы, кайсы өлкө болбосун анын баасынын жогорулашын же аны алып келүүгө чейинки логистика же тейлөө кызматтары дагы жогорулайт”.

  • Ирандын көзөмөлүндө турган Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунай экспортунун бештен бир бөлүгү өтөт деп эсептелет. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү 2025-жылы болжол менен 1,1 млрд баррел (150 млн тонна) мунай экспорттогон.
  • Мынча көлөмдү чөлкөмдүн негизги сегиз өлкөсү саткан жана анын басымдуу бөлүгү Ормуз кысыгы аркылуу өтөт.
  • Мунай негизинен Түштүк жана Чыгыш Азиянын Кытай, Индия, Жапония, Түштүк Корея өңдүү ири өлкөлөрүнө жеткирилип турат.