Орусиянын коргоо министринин мурдагы орун басары Руслан Цаликов кармалганын Тергөө комитети 5-мартта билдирди.
Маалыматка ылайык, ага каршы бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Алардын арасында кылмыштуу топ түзүү беренеси да бар.
Тергөө комитетинин билдирүүсүнө ылайык, Цаликов түзгөн делген кылмыштуу топ 2017–2024-жылдары мамлекеттик бюджеттин каражаттарын кымырып алуу менен алектенген.
Ал ошондой эле мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди адалдоого жана пара алууга шектелүүдө. Жакын арада ага карата бөгөт чарасы тандалары маалым болду.
Цаликов 2015-2024 жылдары коргоо министринин биринчи орун басар болуп иштеген. Ал маалда министрликти Сергей Шойгу жетектеп турган.
Кызматтан кеткенден кийин ал Туванын Жогорку Хуралына (парламенти) депутат болуп шайланган. Бул аймак Шойгунун кичи мекени болуп саналат.
Цаликов көп жылдар бою Шойгу жетектеген мамлекеттик мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалап келген. Ага биринчи класстагы чыныгы мамлекеттик кеңешчи даражасы берилген, бул аскердик иерархияда армия генералынын даражасына тете.
2022-жылы Коррупцияга каршы күрөшүү фонду Цаликовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн жалпы баасы 4,3 миллиард рублга жетерин билдирген.
Орусиянын Украинага согуш ачкандан кийин Цаликов Америка, Британиянын жана Евробиримдиктин санкциялык тизмесине киргизилген.
Согушту колдогон айрым блогерлер жана Телеграм каналдар аны, ошондой эле Шойгу жетектеген Коргоо министрлигинин жогорку жетекчилигин Украинадагы согуштагы алешемдиктери үчүн сынга алып келишкен.
Цаликов мурдагы Коргоо министрлигинин жетекчилигинин ичинен кылмыш ишине тартылган эң жогорку даражадагы аткаминер болуп калды. Шойгу кызматтан кеткенден кийин бир катар генералдар да камакка алынган.
Алардын арасында коргоо министринин мурдагы орун басары Тимур Иванов, Кадрлар башкармалыгынын башчысы Юрий Кузнецов, Байланыш башкармалыгынын жетекчиси Вадим Шамарин, ошондой эле коргоо министринин дагы бир мурдагы орун басары Дмитрий Булгаков бар. Аларга каршы негизинен коррупцияга байланыштуу иштер козголгон.
Буга чейин Воронеж гарнизондук аскер соту генерал-майор Валерий Муминжановду 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал мурда Ленинград аскер округунун командиринин орун басары болуп иштеген.
Сот аны ишкер Олег Требунскихтен аскерлер үчүн баш кийим тигүү жана аскер кийимдерин тазалоо боюнча келишимдерди түзүүдө пара алган деп тапкан. Муминжанов күнөөнү жарым-жартылай мойнуна алган.