Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:56

Орусияда дагы бир генерал камалды. Капканга Шойгу түшөбү?


Андрей Белоусов, Тимур Иванов, Иван Попов жана Сергей Шойгу, коллаж
Андрей Белоусов, Тимур Иванов, Иван Попов жана Сергей Шойгу, коллаж

Орусияда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисинин орун басары Вадим Шамарин "ири көлөмдөгү пара алууга" шек саналып эки айга камалды.

Бул соңку жумаларда Орусиянын жогорку аскердик жетекчилигинде камалган алгачкы адам эмес. Буга чейин коргоо министринин орун басары, бөлүм жетекчилери, таанымал генерал да жемкорлукка айыпталган. Айрым аскердик блогерлер укук коргоо органдарынын укуругу мурдагы коргоо министр Сергей Шойгуга да жетерин жазып жатышат. Бул канчалык реалдуу жана орус аскердик жетекчилигиндеги камоолор эмнени билдирет?

Орусияда Аскердик сот Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Вадим Шамариндаи камаганы 23-майда белгилүү болду. Маалыматка караганда, ал ири көлөмдөгү пара алуу ишине байланышы бар деп шек саналууда.

“22-майда сот Шамаринди эки айга камоо тууралуу чечим чыгарып, бөгөт чарасын аныктады”,- деп жазды ТАСС агенттиги сотко таянып.

“Коммерсант” басылмасы өз булактарына таянып кабарлагандай, Шамариндин үйүндө жана кеңсесинде тинтүүлөр жүргөн. Генерал андан кийин суракка чакырылган.

“Коррупция менен күрөш - бул ырааттуу жүрө турган иш. Бул кандайдыр бир өнөктүк эмес, ар дайым уланчу иш. Бул - укук коргоо органдарыбыздын ишмердүүлүгүнүн кайсы бир бөлүгү. Ал федералдык болобу, жергиликтүү болобу бардык мекемелерде жүрөт. Аки-чүкүсү тууралуу эч нерсе айта албайм. Бизде мындай ыйгарым укук жок. Бул жерде кандайдыр бир өнөктүк тууралуу албетте кеп жок”, - деп комментарийлерди Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Шамариндин камалышын.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчи орун басары Вадим Шамарин (оңдо)
Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчи орун басары Вадим Шамарин (оңдо)

Шамарин деген ким?

Шамарин 2010-жылдан баштап Чыгыш аскердик аймактык штабдын жетекчисинин орун басары жана байланыш бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

52 жашта. 2021-жылы Куралдуу күчтөрдүн Башкы байланыш башкармалыгын жетектеп баштаган. Ага чейин бул кызматты ээлеген Халил Арсланов дагы 2020-жылы алдамчылыкка жана паракорлукка айыпталып камалган.

Ал маалда Телеграм-каналдар Шамариндин байлыгын эсептеп жиберишти. Маселен, SHOT Телеграм-каналы генералдын атына расмий Полдольск шаарындагы аянты 82,6 чарчы чакырымды түзгөн батир катталганын жазды. Маалыматка караганда, анын баасы болжол менен 12 миллион рублди түзөт.

"Андан тышкары аялынын атына 2021-жылкы Mercedes-Benz ML/GLE автоунаасы катталган (баасы 13 миллион рубль)", - деп кошумчалады SHOT.

Ал эми Mash телеграм-каналы Шамариндин аялы автоунааларын ар бир үч жылда жаңылап турганын белгиледи.

"Алмаштырган сайын кымбат баалуусун алчу. Адегенде Toyota FunCargo 2000, кийин Toyota RAV4 2013, ал эми 2022-жылдын соңунда Mercedes алган", — деп кошумчалаган каналдын авторлору.

Анткен менен Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтында кирешеси жана мүлктөрү тууралуу Шамариндин декларациясы табылган жок.

Аскердик эксперттер заманбап байланыштын жоктугун орус армиясынын негизги көйгөйлөрүнүн бири катары белгилеп келишет. Дал ушул маселеден улам Украинада жана 2008-жылкы Грузиядагы согушта орус күчтөрү чоң жоготууларга учураганын боолгошот.

Жогорку аскердик жетекчиликтеги камоолор

Шамарин соңку жумаларда Орусиянын аскердик жетекчилигинде камалган алгачкы адам эмес.

23-апрелде коргоо министринин биринчи орун басары Тимур Иванов бир миллиард рубль пара алууга айыпталып камалган. Эртеси күнү эле ал "Лефортово" убактылуу кармоочу жайына жөнөтүлгөн. Эгер анын күнөөсү далилденсе, 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Көп өтпөй, 14-майда Коргоо министрлигинин кадрларды башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Юрий Кузнецов ушундай эле кине менен колго түшкөн. "Новая газета Европа" басылмасы тактагандай, Кузнецов "мамлекеттик сыр үчүн соодалашкан".

Ал эми 17-майда алдамчылык беренеси боюнча Түштүк аскердик аймагынын 58-армиясынын мурдагы командачысы Иван Попов камалган.

Ага тагылган айыптар далилденсе, 10 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Попов 2023-жылдын июлунда командачы кызматынан алынган. Анын өзүнүн сөзүнө караганда генерал орус армиясындагы жоготууларды жана артиллериянын ишин сындап чыккандан кийин жетекчиликтин каарына калган.

"Шамариндин камалышы аскердик кабарчылардын жана блогерлердин кубаттоосуна татыды. Ал эми Поповду колдошот. Тимур Ивановдун камалышында чабылган алакандардын үнү азыркыга чейин угулат. Булардын баары офицер корпусунун пикирин чагылдырат", - деп жазды Телеграм-каналына саясат таануучу Сергей Макаров.

Аскердик жетекчиликтеги камоолордун көбү Орусиянын коргоо министринин башчылыгына Сергей Шойгунун ордуна экономист Андрей Белоусов дайындалгандан кийин башталды.

Саясат таануучу Иван Преображенский Кремлдин бул өнөктүгүн сынга алды.

"Адегенде Путин генералдарды тандап, аларды жогорку кызматтарга дайындоону макулдашып, сыйлап, тепкичтен көтөрөт. Бул "Путин орус армиясын бекемдеп жатат" деп айтылат. Андан кийин генералдарды дайындап, сыйлап жактан кезде ушул эле генералдар миллиардап уурдаганы аныкталып, аларды камашат. Бул дагы "улуу Путин орус армиясын бекемдеп жатат" деп айтылат", - деп жазды Преображенский X социалдык түйүнүнө.

Айрым блогерлер камоолордун укуругу министрликти 12 жылдан бери жетектеп келген Шойгунун өзүнө чейин жетиши мүмкүн экенин жазып чыгышты:

"Жаңылыктарды ачсаң төбө чачың тик турат. Дээрлик күн сайын жогорку аскердик жетекчиликтеги генерал камалган болот. Дагы жакшы, Сергей Кужугетовичти бул кампаниядан алып кетишиптир, болбосо аны дагы түз бараткан жолунан жыгышмак. Башкысы, жаңы иш ордунда корголуп калыш керек. Болбосо Коопсуздук кеңешинде бирөө бар деген кептер жүрүп жатат", - деп жазды саясатчы Николай Травкин.

Эксперттердин арасында Коопсуздук кеңешинин башчылыгына дайындалган Шойгуну камоо азырынча мүмкүн эмес деген пикирди кармангандар бар. Буга алар Шойгу Путиндин жакын санаалашы экенин жүйө келтиришет.

Орусиянын президенти министрликте коррупция күч алганы үчүн анын жетекчисин алмаштырып, экономистти тандады деген пикирлер айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG